Ак-Талаада кыргыз милициясынын 100 жылдыгы белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ага райондук тиешелүү бийликтин өкүлдөрү, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, милициянын ардагерлери, айыл өкмөт башчылары, райондук мекеме-ишкана жетекчилери жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Мааракеге арналган иш-чаранын жүрүшүндө, жетекчилер тарабынан куттуктоолор айтылды. Ошондой эле, айрым милиция кызматкерлерине, милициянын ардагерлерине, милиция кызматкерлеринин жубайларына жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлоруна ИИМдин, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын, Нарын облустук прокуратурасынын, Нарын ОИИБдин, Ак-Талаа РИИБдин, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук аскер комиссариатынын, Баетов айыл өкмөтүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана «Афган жана Баткен согушунун ардагерлери» коомдук бирикмесинин ардак грамотасы, ыраазычылык каттары, юбилейлик медалдары жана белектери тапшырылды.

Ошондой эле, Ак-Талаа райондук соту жана прокуратурасы тарабынан РИИБге жазуучу Ч.Айтматовдун жана И.Разаковдун картинасы тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️