21 жаштагы жигит жол кырсыктан каза болгон. Маркумдун жакындары жагдайларды айтып беришти

TurmushОш облусунун Өзгөн районундагы жол кырсыктын кесепетинен 21 жаштагы Баяман Жороев каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында маркумдун жакындары билдирди.

Алардын айытымында, 2024-жылдын 19-сентябрына караган түнү Куршаб айылында «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаа менен «Лексус 570» үлгүсүндөгү унаа кагышкан.

Маркум жигиттин апасы Гүлистан Жороева бул иш боюнча акыйкат чечим күтүп жатканын айтат.

«Мен чыгып эле жатам, баарыңыздар көрүп жатасыздар. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Эмне үчүн жыйынтык чыкпай жатат? Дарыгерлер да телевидениеге туура эмес маалымат берип жатышат. Анан калса, «Матиз» автоунаасы «Лексусту» сүзгөн деп айтып жатышыптыр. Бул такыр туура эмес, чындыкка да дал келбейт. Андыктан президент Спдыр Жапаровдон жардам сурайбыз», — деди ал.

Буга чейин Гүлистан Жороева жол кырсыктан уулу башынан катуу жараат алып, кабыргалары, буту сынганын, бул учурда өзү Россияда болгонун айткан. Ал 20-сентябрда Россиядан учуп келген. Уулу эч нерсени сезбей, 7 күн комада жаткан.

Пример HTML-страницы

Жактоочу Алымбек Амиракулов окуянын жагдайына токтолду.

«Мен бул ишти алганда жөнөкөй иш эмес экени белгилүү болду. Анткени бир канча тоскоолдуктар болуп жатат. Соттук-автотехникалык экспертиза жана трасологиялык экспертиза чыга электе жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер жыйынтык чыгарып коюп жатышат. «Дэу Матиз» экинчи жолдон башкы жолго чыгып, «Лексустун» капталынан сүзгөн деген кине коюшту. Иштин маңызын, автоунаалардын окуядан кийинки издерин карап көрө турган болсок, таптакыр башка версия чыгып жатат.

Жол коопсуздугун караган кызматкерлер окуянын схемасын чийгенде «Матиз» унаасы жолдун ортосуна 1,5 метр чыгып кеткен деп көрсөтүп койгон. Бирок «Лексустун» арткы дөңгөлөгү жарылып, арткы дөңгөлөгү жолду кырып кеткен жерди «место удара» деп көрсөтүп жатышат. Биз андай болушу мүмкүн эмес деп, ошол жердеги жергиликтүү адамдардын видеолорун көтөрдүк. Күбөлөрдү уктук. Ошол жерде тартылган видеолорду карасак, окуя таптакыр башкача болуп аныкталып жатат. Ага ылайык, жолдун боюнда «Матиз» автоунаасынын майы төгүлүп жатат. «Матиздин» биринчи майы төгүлгөн жерди тазалап коюшкан. Биз билебиз, «Матиз» биринчи кагылышканда абдан жаман абалда болгон. «Лексус» алдыңкы бир капталы менен уруп, «Матизди» үч бурчтук абалына кептеп койгон. «Матизди» 31 метрдей жерге сүргөн. «Матиз» сүрүлүп барып токтогон жерине да майы төгүлгөн. Биз «силер схеманы туура эмес чийип коюптурсуңар, «место удара» «Матиздин» майы төгүлгөн жер болот» деп жатып кайрадан араң башка схема чийдирдик.

Негизи «Лексус» алды менен келип, «Матизди» жылдыра коюп жатат дагы, «Лексустун» арткы дискасы жарылып калган. Эмнеге ушундай болгон деп карап көрсөк, «Матизди» сүзгөнгө чейин 2 метр ары жакта чуңкур жер бар экен, ошого түшүп туруп, анан барып «Матизди» сүзүп, каптал жакка бурулган. «Лексустун» дөңгөлөгү асфальтты чийип кеткен. Ошондуктан бул ишти акыйкат караш керек», — деди ал.

Ал эми Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жол кырсык 18-сентябрь күнү катталганын тастыктаган. Тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ошондой эле экспертиза дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️