Пример HTML-страницы

? Пайдалуу 50 адат.?

https://kyrgyzcha.site/?p=22530&preview=true Пайдалуу кеңештер.

? Пайдалуу 5️⃣0️⃣ адат.?

 

1. Күндү жылмаюу менен баштаңыз.

2. Бир стакан сууну тамактан 1 саат мурун жана тамактан 1,5 саат кийин ичиңиз.

3. Чуркап баштаңыз.

4. Тамеки тартуу, ичимдик ичүүдөн баш тартыңыз.

5. Эртеңки күнгө план жазганды үйрөнүңүз.

6. Позитивдүү ойлонуңуз.

7. Күн сайын бир канча мөмө-жемиш жеп туруңуз.

8. Түз басканды үйрөнүңүз.

9. Эрте мененки көнүгүүлөрдү жасаңыз.

10. Күн сайын бирдей убакта 4-5 жолу тамактаныңыз.

11. Лифти унутуңуз. Жөө чыгып түшкөндү адат кылыңыз.

12. Күндө эрте менен жуунуп турсаңыз сиздин уйкуңуз ачылып, сергек болосуз.

13. Уйкуңузду кандырып уктаңыз. Күн сайын бир убуакта жатып, бир убакта турганга аракет кылыңыз.

14. Күндө таза абада сейилдөөнү адат кылыңыз.

15. Кечиндеси эртеңки күнү кийиле турган кийимдериңизди даярдап коюңуз.

16. Жылда бир жолу толук бойдон медициналык текшерүүдөн өтүңүз.

17. Акылыңызга келген өзгөчө ойлорду, идеяларды жазып алыңыз.

18. Күн сайын 3 литрден кем эмес таза, газдалбаган суу ичиңиз.

19. Уктардан мурда бөлмөңуздү шамалдатып, салкын бөлмөдө уктаңыз.

20. Күндө бөлмөңүздү тазалап, жыйноого 15 мүнөт бөлүңүз.

21. Өзүңүздү алаксытып, жакшы нерселерди сатып алыңыз же жакшы кино,пайдалуу роликтерди көрүңүз.

22. Уктардан мурда бети-колуңузду жууп же жакшысы даарат алып жатыңыз.

23. Турмуш тиричиликке кетирген чыгымдарыңызды көзөмөлдөңүз.

24. Жумуштан келип 15 мүнөт Куран окуңуз же угуп эс алыңыз.

25. Бир жумада бир жолу мончого барыңыз.

26. Оор тамактарды жана фастфуд жегенден,кока-кола сыяктуу зыяндуулардан алыс болуңуз.

27. Бир жума вегетериан (эт жебей) жашап көрүңүз, сизге жагып калышы мүмкүн.

28. Клавиатураны карабай жазганды, үйрөнүңүз.

29. Пунктуалдуу болгонго аракет кылыңыз.

30. Адамдарга жакшы сөздөр менен комплимент айтканды үйрөнүңүз.

31. Спорт менен жумасына 2-3 жолу 1 сааттан кем эмес машыгыңыз.

32. Мээңизди машыктырыңыз(Китеп окуп, Куран жаттап эч болбосо кросворд, сканворд толтуруп, шахмат ойноңуз).

33. Күндө чет тилден 1 сөз болсо да жаңы сөз үйрөнүңүз.

34. Күн сайын китеп окуганга эң аз дегенде 30 мүнөт бөлүңүз.

35. Жакын адамдарыңызга,үй бүлөңүзгө жана ата-энеңизге эч себеби жок эле чалып жакшы көрө турганыңызды билдирип туруңуз, эч болбосо саламдашып,ден соолугун сурап туруңуз.

36. Дем алууну үйрөтүүчү көнүгүүлөрдү аткарыңыз.

37. Жеке күндөлүк ачып, ага ийгилик жана жетишкендиктериңизди жазыңыз.

38. Кооз жана туура сүйлөгөндү үйрөнүңүз. Жаман сөздөрдөн, сөгүнүүдөн арылыңыз.

39. Кызыктуу көз ирмемдерди сүрөткө тартып калыңыз.

40. Көзгө көнүгүүлөрдү жасап туруңуз.

41. Буудай нанын жегенге өтүңүз.

42. Компьютердин астында 2 сааттан ашык отурбаңыз.

43. Бутуңуздун үстүнө муздак суу куюңуз, сергек болосуз.

44. Күн сайын жакшылык кылыңыз. Садагачыл болуңуз.

45. Үйдөгү баардык керексиз,эски буюмдардан арылыңыз.

46. Күн сайын жаңы бир нерсе үйрөнүңүз.

47. Жубайыңыз жана балдарыңыз менен жакшы позитивдүү темада маектешиңиз.

48. Күн сайын сүт азыктарын колдонуңуз.

49. Эс алуу күндөрүңүздү пайдалуу кылып өткөрүңүз. Жаратылышка чыгып, жаңы жерлерди көрүп, жаңы адамдар менен таанышып, кошуна менен жакшы сүйлөшүп.

50. Жалаң гана жакшы нерселер жөнүндө ойлонуңуз.

Анан баары жакшы болот иншаАллах.??

 

????????????????

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE