Пример HTML-страницы

Үй шартындагы фастфудтар.

https://kyrgyzcha.site/?p=21900&preview=true Пайдалуу кеңештер.

УЙ ШАРТЫНДАГЫ ФАСТФУДДАР

Сэндвич

 

Кандай азыктар керек?

 

Ак бөлкө нан: 4 кесим

 

Кызыл пияз, помидор, лимон: 1 даанадан

 

Сыр: 100 г

 

Төө буурчак: 200 г

 

Горчица: 1 чай кашык

 

Кантип жасалат?

 

Төө буурчакты 3-5 мүнөт кайнатып, муздатасыз.

 

Нандын бир кесимине жука кесилген сырды, ичке тууралган пиязды жана помидорду коюп, үстүнөн нандын экинчи кесими менен жабасыз.

 

Даяр сэндвичти көмөч казанда кызып турган майга сыры эрип баштагыча кууруйсуз.

 

Төө буурчакка бир чай кашык горчицаны, пияз, помидорду кошосуз. Ага лимон ширесинен куюп коёсуз. Баарын жакшылап аралаштырып сэндвич менен жесеңиз болот.

Шаурма

 

Кандай азыктар керек?

 

Жука лаваш: 4 даана

 

Тооктун төш эти: 1-2 даана

 

Бадыраң, помидор: 3 даанадан

 

Ак кочан капустасы: 200 г

 

Картошка фриси: 8 аш кашык

 

Катуу сыр: 200 г

 

Майонез: 6 аш кашык

 

Кетчуп: 6 аш кашык

 

Туз: 0,5-1 чай кашык

 

Кара мурч: татымына жараша

 

Өсүмдүк майы: 50 г

 

Кантип жасалат?

 

Тооктун төш этин жууп, бөлүктөргө бөлөсүз жана туз, мурч кошосуз.

 

Көмөч казандагы кызып турган майга орточо отто 20 мүнөт кууруйсуз.

 

Ак кочан капустасын, бадыраңды, помидорду жука узун-узун кылып кесесиз. Сырды кыргычтын ири тишинен өткөрөсүз.

 

Лаваштарды столго жайып, майонез, кетчупту аралаштырып сүйкөйсүз.

 

Лавашка баарын ирети менен үстү-үстүнө коёсуз: 1 — тооктун төш эти, 2 – бадыраң, 3 – помидор, 4 – капуста, 5 – фри, 6 – сыр.

 

Лавашты конверт түрүндө ороп кичи толкундуу меште 1-2 мүнөт ысытасыз.

 

 

Гамбургер

 

Кандай азыктар керек?

 

Гамбургер үчүн бөлкө нан: 6 даана

 

Помидор: 2 даана

 

Уй этинен жасалган фарш: 900 г

 

Туз, кара мурч, кошулмалар: татымына жараша

 

Салат жалбырагы: 6 даана

 

Кантип жасалат?

 

Фаршты котлет формасына келтиресиз. Анын көлөмү бөлкө нан менен туура келиши керек же андан кичирээк болсо да болот.

 

Котлет жакшы куурулушу үчүн ортосуна бармагыңыз менен анча чоң эмес чуңкур жасап коюңуз.

 

Андан соң туз, ар кандай кошулмаларды себелеп, көмөч казандагы майга эки тарабын бирдей кылып кууруйсуз.

 

Бөлкө нандын ортосуна салат жалбырагын, тегерекче болуп тууралган помидорду, котлетти саласыз. Гамбургер даяр.

 

 

Ход-дог

 

Кандай азыктар керек?

 

Хот-дог үчүн бөлкө нан: 1 даана

 

Сосиска: 1 даана

 

Салат жалбырагы: 3-4 даана

 

Помидор: 2 тегерекче

 

Бадыраң: 2 кесим

 

Майонез: 1 чай кашык

 

Кетчуп, горчица, райкан жалбырагы: татымына жараша

 

Кантип жасалат?

 

Хот-дог үчүн бөлкө нанды жарым-жартылай экиге бөлөсүз, бүктөлө тургандай болсун. Ортосуна майонез сүйкөңүз.

 

Бөлкө нандын ичине салат жалбырагын салып, кетчуп сүйкөйсүз.

 

Сосисканы бир аз кууруп же кайнатып аласыз. Аны бөлкө нандын ичине коёсуз.

 

Тегерек болуп кесилген помидорду жана бадыраңдын жука кесимдерин салып, үстүнө райкандын жалбырагын коёсуз жана горчицаны куясыз.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE