Пример HTML-страницы

Үй бүлөдөгү кризистер жана аларды жеңүү жолдору

https://kyrgyzcha.site/?p=21844&preview=true Пайдалуу кеңештер.

УЙ-БУЛОДОГУ КРИЗИСТЕР ЖАНА АЛАРДЫ ЖЕНУУ ЖОЛДОРУ

 

Үй-бүлөлүк жашоонун биринчи жылындагы кризис

 

Бул үй-бүлөлүк жашоонун башталышындагы эң биринчи кризис. Эки жаш бир бүтүн болуп жашоого көнгөнгө чейин үй-бүлөдө ар кандай түшүнбөстүктөр жаралат.

 

Кризистин себеби. Аял эрте турат, ал эми күйөөсү төшөгүнөн турбай үч саат телевизор көрүп жата берет, аялы башаламандыкты жаман көрөт, а күйөөсү кийимдерин ар кайсы жерге чечип кетет. Дем алыш күндөрү аялы туугандарына, досторуна жолуккусу келет, күйөөсү жөн гана үйүндө жаткысы келет. Мындан тышкары бул учурдагы кризистин дагы бир негизги себеби болуп каражат маселелерин чечүү эсептелинет. Тапкан акчалары үйүнүн ижара акысынан, тамак-ашынан ашпаган жашоо да көпчүлүк учурда үй-бүлөлүк чыр-чатактын башаты болот.

 

Кризистен чыгуунун жолдору. Эгерде жубайлар бири-бирин сүйүшсө, бул кризистен чыгуу алар үчүн жеңил болот. Мындай учурда талап коюунун, коркутуунун кереги жок. Анан да “кел, ажырашабыз” деген сөздү таптакыр пайдаланбаңыз. Кайра-кайра айта берүүдө түгөйүңүз ажырашууну каалабаса да ушул фразаңыздан тажаганынан улам макулдугун берип коюшу мүмкүн. Бул үй-бүлөлүк жашоону андан бетер татаалдантып жиберет. Андан көрө бардыгын тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылыңыздар. Мисалы, ал кийимдерин чачып салдыбы, кыжырыңыз келгенин билдирбей акырын жыйнап коюңуз.

 

 

 

Бала төрөлгөндөн кийинки кризис

 

Бала төрөлгөндөн кийинки биринчи жыл эркек үчүн оор болсо, экинчи жыл аял үчүн оор болот.Анткени үйдө бала пайда болгондон баштап аял бардык убактысын, көңүлүн балага бөлүп, күйөөсүнө мурункудай карабай калат. Күйөөсү муну менен өзүн эч кимге керексиз, ашыкча сезип калат. Аялынын көңүл буруусу жетишпеген эркек өзүнөн-өзү кыжырдангыч болуп кетет. Ал эми ар качан бала менен алек болгон аял күйөөсүнүн эмне үчүн минтип өзгөрүп кеткенин түшүнбөй кыйналат. Айрым эркектер мындай учурда баш-оту менен жумушуна берилип кетсе, айрымдары башка аялдар менен көңүл ачууга өздөрүнө жол берет. Ал эми экинчи жылда аял үйдө көп отуруп калганына байланыштуу бук болуп, сырткы келбетинин каралбай калганына кыжырданып, ушундан улам үйдө ар кандай чыр-чатактар чыга берет.

 

Кризистен чыгуунун жолдору. Кош бойлуу учурда болобу, бала менен үйдө отуруп калгандабы, аял күйөөсүн кароосуз калтырып койбогонго аракет кылуусу керек. Мыкты аял бардыгына жетишет. Ал эми эркек аялына жылуу сөздөрүн арнап, белектерди берип турууга тийиш.

 

 

 

Жети жылдан кийинки кризис

 

Үй-бүлө курулгандан 7-8 жылдан кийин келиши мүмкүн. Анткени жашоо бир калыпка түшүп, зеригиштүү жашоо башталат. Мурункудай романтика жок, күндөр бир кылка өтө берет.

 

Кризистен чыгуунун жолдору. Өзүңүздөр үчүн саякаттарды уюштуруңуздар, бири-бириңиздерге сюрприздерди тартуулаңыздар.

 

 

 

Кырк жаштагы кризис

 

Балдар чоңоюп, үйдөн кетип, кайрадан үйдө экөө калып калгандагы бул кризис эң оор кризис болуп саналат. Бул учурда көпчүлүк эркектер өздөрүнө жаш аял издеп үйдөн чыгып кетишет.

 

Кризистен чыгуунун жолдору. Жогорудагы бардык учурлардай эле бул кризисти да чогуу жеңүүнү психологдор сунушташат.

 

 

 

Кризистин 6 белгиси

 

1. Жубайларда интимдик жакындык азайып кетет.

 

2. Жубайлар бири-бирине жакканга аракет кылбай калышат.

 

3.Бала тарбиялоого байланышкан бардык маселелер чыр-чатак менен аяктайт.

 

 

 

4. Үй-бүлөлүк бардык маселелерде жубайлардын ойлору эки башка чыгат.

 

 

 

5. Түгөйүнүн бардык кыймыл-аракеттери, сүйлөгөн сөздөрү кыжырланта берет.

 

 

 

6. Бири-бири менен маселелерин, кубанычтарын бөлүшпөй калышат.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE