Пример HTML-страницы

Жылдыздар кантип арыкташат.

https://kyrgyzcha.site/?p=21909&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Жылдыздар кантип арыкташат?

 

Алла Пугачёва

https://kyrgyzcha.site/?p=21909&preview=true

Орус эстрадасынын мадоннасы “кефир” диетасын сунуштайт. Бул диета ашыкча майлардан бат арылтат, бирок бул ыкманы алты күндөн ашык кармоого болбойт. Алланын бул диетасы эң жөнөкөй: ар кандай аш-көктөрдү жана жаңы бышкан бадыраңды майда туурап, аны кефирге аралаштырып бир күндө 3-4 жолу ичет. Алла Пугачёванын айтымында кефир диетасын кармоодо мындан башка эч нерсе жебеш керек, ошондой эле анын алдында адам психологиялык жактан атайын даярдануу керек. Мына ошондо гана ал адамды ток алып жүрөт . Ушул эле ыкманы Лариса Долина да арыктоо үчүн колдонуп келет.

 

 

 

 

 

Елена Малышева

https://kyrgyzcha.site/?p=21909&preview=true

Ден соолукта жашоонун сырларын айтып, элге кеңеш берип келе жаткан Орусия телеклиникасынын алып баруучусу Елена Малышева арыктоо учурунда төмөнкү принциптерди кармоону сунуштайт. Эч убакта ачка болбоо керек. Ачкачылык организмге бир гана терс таасирин берет. Мындан тышкары эрте менен сөзсүз тамактануу керек. Себеби эрте мененки тамак адамга энергия берип, организмдин иштөөсүн жөнгө салат. Эрте мененки тамактанууда майлуулугу аз сүт азыктарын жана ботколордун түрлөрүн жеш керек. Түшкү тамактанууга жумуртка же болбосо эт, балык, тоок эти менен тамактануу зарыл. Ал эми кечкиге жашылча-жемиштерге аш-көк кошулуп, өсүмдүк майы аралаштырылган салат же болбосо бир стакан кефир гана ичүү сунушталат. Елена бул диетаны ашыкча салмактан арылганча кармасаңыз болорун айтат.

 

 

 

Надежда Бабкина

https://kyrgyzcha.site/?p=21909&preview=true

Бир учурда келишимдүү фигурасын жоготуп, аябай толуп кеткен Надежда Бабкина учурда 36 килограммга арыктап, баштапкы калыбына келип калган кези. Көпчүлүктү таң калтырган Надежда арыктоо үчүн таттуулардан, ун азыктарынан жасалган бардык тамактардан, майлуу жана ышталган эттерден баш тартып, жашылча-жемиштерден жасалган салат гана жеп жүргөн. Арыктайм дегендер үчүн ал жогорудагы аты аталган азыктардан баш тартууну гана сунуштайт.

 

 

 

 

Синди Кроуфорд

https://kyrgyzcha.site/?p=21909&preview=true

 

Дүйнө жүзүнө таанымал модель бир жумада 3 килограмм арыктоо үчүн капуста шорпосун гана ичет. Ал эми кечки алтыда бир стакан кефир ууртап коёт. Бул диета бир жуманын ичинде ага эң сонун натыйжа берерин ал ММКларга берген интервьюларынын биринде айткан.

 

 

 

Шерон Стоун

https://kyrgyzcha.site/?p=21909&preview=true

 

 

Ар дайым өзүн жаш алып жүргөн Голливуддун супер жылдызы Шерон Стоун арыктоо үчүн бир жума диетага олтурат. Анын кармаган диетасынын курамына сырты жашыл болгон бардык жашылча-жемиштер кирет. Мисалы, ал бир жума бою бир гана дарбыз, алма, бадыраң жеп, көк чай ичет. Бул диетанын жардамы менен ал бир жума ичинде 4-5,5 килограмм ашыкча салмактан арылат. Бул ыкманы Орусиянын ырчысы Ирина Дубцова да арыктоо үчүн колдонот. Ирина Дубцова жашылча-жемиштерден турган диета картаюунун алдын алат жана жүзгө бырыш түшүрбөө менен бирге арыктоого да жардам берерин баса белгилейт.

 

 

 

 

 

Салтанат Саматова

https://kyrgyzcha.site/?p=21909&preview=true

– Жүзүнөн дайым күлкүнүн нуру жанып турган бир кездеги ди-джей, учурдагы алып баруучу Салтанат Саматова кышында кошкон ашыкча салмактан арылуу үчүн жаз сайын диетага отурарын айтат. Ал үчүн ак нанды тамак рационунан чыгарып, ордуна кара нан колдонот. Эрте мененкисин тамактанарга жарым саат калганда бир стакан суу ичип алат да, эрте мененки жана түшкү тамагын кадимкидей эле ичет. А кечкисин тамак ордуна бир стакан кефир ичип жатат.

 

 

 

Роза Шакирова

https://kyrgyzcha.site/?p=21909&preview=true

 

– Роза айым арыкташ үчүн 10 күн катары менен эрте менен эрте 6да турат да, көп кыймылда болот. Аз уктоо арыктоого жакшы жардам бере тургандыгын айткан жылдыз ошону менен бирге жакшы натыйжа үчүн эрте мененки тамактанууга жарым саат калганда бир литр суу ичип алат. Диетага олтурган күндөрү жашылчалардан жасалган салаттарга басым жасап, жеңил тамактанууга өтөт.

 

 

 

 

 

Нурайым Азыкбаева

https://kyrgyzcha.site/?p=21909&preview=true

– Нурайым арыктоо үчүн бир жума жашылчалардан жасалган салат менен кефир гана колдонот. Жашылчалардан жасалган салаттын курамын помидор, бадыраң, капуста, кызылча жана сабиз түзөт. Жогоруда аты аталгандарды туурап туруп ага петрушка, укроп, көк пияз кошуп, өсүмдүк же оливка майы менен аралаштырып жейт. Ал эми кечки алтыдан кийин таптакыр тамактанбайт. Ошондой эле жылдыз диета маалында нанды таптакыр жебей койгон туура эмес экенин белгилеп, сөзсүз түрдө түшкү тамактанууда эки кесим нан жеш керектигин айтат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE