Пример HTML-страницы

Жубайлардын мамилеси эмне үчүн солгундайт?

https://kyrgyzcha.site/?p=56867&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Жубайлардын мамилеси эмне үчүн солгундайт?

 

Көпчүлүк жубайлар артта калган ысык күндөрүн кайра кайталагылары келишет, бирок кыжалат кылган солгун абалга баш ийип жүрө беришет. Бири-бирине кайдыгерликти жараткан мындай мамилени жөнгө салуу үчүн аракет кылыңыз.

 

 

 

Ортодогу мамилени жандандыруунун жөнөкөй ыкмалары

 

1. Жолдошуңуздун сизге жаккан сапаттарын түстүү кагаздарга жазып, жүрөкчө кылып кыркып туруп ал көрө турган жерге жармаштырып коюңуз. Түгөйүңүз эс ала турган күнү ал тура электе гүл желекчелеринен ашканага карай жол жасап, ашкананын каалгасына “жаным, мен сени жакшы көрөм” ,“сен бар үчүн мен бактылуумун”, “сени жолуктурган Жаратканыма ыраазымын” деген сыяктуу жүрөгүңүздөн чыккан жакшы сөздөрдү жазып коюңуз. Ашкана столунда ал жактырган тамак же сизден жакшы белек болсун. Жакшы маанайды тартуулаган учурларда чогуу сүрөткө түшүүнү унутпаңыздар.

 

2. Сезимдерди билдирген каттарды сактоочу эки куту жасап алыңыздар. Сиз түгөйүңүздүн кутусуна, ал сиздин кутуңузга кат салып турууңуздар керек. Бирок ал кутуда таарыныч каттарына орун болбосун. Ортодо маселе жаралган кезде кутуну ачууну сунуштаңыз. Ошондо ал сизге орой мамиле кылганына өкүнүп сизге деген сезими кайра жанат.

 

3. Ал жумушта болгондо сезимдериңизди, айтам деп айта албай жүргөн жылуу сөздөрүңүздү смс аркылуу да билдирип туруңуз.

 

4. Атайын эс алуучу жайларга бара албасаңыздар да колдо бар тамак-ашыңыздарды көтөрүп жакын жердеги кооз жайларга барып шишкебек бышырып, суу чачышып ойноп эс алыңыздар. Бул дагы ортодогу мамилени жакшыртат.

 

5. Жумуштан келгенде аны жылмайып тосуп алуу менен катар жүзүнөн өөп, кучактаңыз. Мында балдардан уялуунун кереги жок. Бала үчүн эне — күзгү, ал эмнени кылса, бала ошону кайталайт.

 

6. Эс алуу күндөрү экөөңүзгө жаккан тасмаларды же эски сүрөттөрдү чогуу олтуруп көрүңүздөр. Бул артта калган жылуу мамилени эске салуу менен ортодогу жакындыкты пайда кылат жана маанайды көтөрөт.

 

7. Романтикалык кеч уюштурганда же жатар алдында жай музыка коюп ак бий бийлеңиздер. Бий түгөйлөрдү физикалык жана психологиялык жактан жакындатат.

 

8. Жубайыңызга күтүлбөгөн белек тартуулаңыз. Ал үчүн жубайыңыз тааныбаган адамдан ага бир кучак гүл, шоколад же сезимдер камтылган жазуусу бар үйлөнгөн шар жөнөтүңүз. Сүйүктүүңүз ким жөнөткөнүн ойлонуп кечке баш катырсын. Кечинде жубайыңыздын алган белеги оригиналдуу экенин айтып сизден экенин билдириңиз. Эгер сиз аябай кызганчаак болсоңуз, кол тамгаңызды калтырып, анан бериңиз. Антпей сыр кылсаңыз, кызганбасын деген түгөйүңүз сиз келгенче белегин ыргытып салбасын.

 

9. Атайын интернеттен өзүңүзгө башка бир ат менен электрондук дарек ачыңыз. Ал аркылуу жолдошуңузга болгон сезимдериңизди табышмактатып жазып 2-3 жолу жөнөтүңүз. Үчүнчү катта аны жолугушууга чакырып, аягына үйдүн дарегин жана өзүңүздүн байланыш номериңизди жазып коюңуз.

 

10. Сезимдерди билдирген атайын каттарды, чогуу түшкөн жана ал ар кандай иш кылып жаткан кезинде байкатпай тартып алган сүрөттөрдү чогултуп альбом жасаңыз. Колдон келсе жолдошуңуз көрө элек сүрөттөрдү тандасаңыз, ал үчүн оригиналдуу белек болот. Альбом болбосо, ал сүрөттөрдөн экөөңүздөр жакшы көргөн музыка коштогон слайд-шоу даярдасаңыз да болот. Муну сиздер баш кошкон күнү белек кылыңыз.

 

11. Күтүүсүз жасалган белекке балдарыңызды да катыштырыңыз. Мисалы, альбом барагына “ата, мен сизди жакшы көрөм”, “ата, сиз бар үчүн биз бактылуубуз”, “сиз дүйнөдөгү эң сонун адамсыз” деген сыяктуу сөздөрдү жазып, аны ар бир балаңызга карматып атаңыздарды ырдап тосуп алыңыздар. Жок дегенде жылына бир жолу туулган күндү ушундай маанай менен тосуу мамилени жылытып, үй-бүлөлүк жакындыкты камсыздайт.

 

 

 

Мамилени солгундаткан абалдар

 

1. Уруш менен ортодогу солгундап бараткан мамилени күчөтүп жибересиз. Бара-бара уруштан тажаган жолдошуңуз үчүн сиз тынымсыз сүйлөгөн радиого айланып каласыз. Эркектерге уруш-талаш эч качан жакпайт.

 

2. Өзү менен өзү болуп жүрө берүү — аялзатынын эң чоң кемчиликтеринин бири. Кээ бир айымдар, өзгөчө үй кожойкелери жолдошум чарчап келди деп аны тамактандырган соң үй ичинде акырын басып, эс алсын деп жолдошунун жанына жакын жолобой балдары менен алаксып жүрө берет. Бул көрүнүш дайым кайталана берсе, эркек жубайын жеке ою бар аял эмес, бир буюм катары гана кабыл ала баштайт.

 

3. Айрым талаш-тартышта “меники туура” деген принцибиңизди унутуңуз. Эркектер табиятынан лидер болууну жактырышат. Ошол маалда утулуп коюңуз, убакыттын өтүшү менен сиздики туура экенин айтып, акыры сизге баш иет.

 

4. Тамактануу үстүндө көйгөйлөрдү айтпаңыз. Кээ бир айымдар жолдошу тамактанууга олтургандан туруп кеткенге чейин жеке көйгөйлөрүн гана айта берет. Бул туура эмес. Маселеңизди анын маанайы жакшы болгон учурду күтүп айтканыңыз оң.

 

5. “Менден башка эч кимге кетпейт” деген түшүнүктөн алыс болуңуз. Айымдардын басымдуу бөлүгү төрөгөн соң “мен буга төрөп бердим, эми кайда бармак эле?” деп өзүн таштап, ашыкча салмак кошуп назиктигин жоготуп алышат. Ортодогу мамиле жакшы сакталсын десеңиз, беш бала төрөсөңүз дагы өзүңүздү караңыз.

 

6. Кетирген каталарын кечиргенге үйрөнүңүз. Жолдошуңуз сиз менен баратып башка кызды карап койсо, 2-3 күн таарынып, аны кечиргиңиз келбей калат. Бирок бул эмоцияны кармабай, ишке ашырбай, тез унутуп салууну билиңиз. Болбосо ал карап койгон кызды издеп кетүүсүнө жол ачып аласыз.

 

7. Жолдошуңуздун ар бир сөзүн сындап, аны күнөөлөй берүүдөн алыс болуңуз. Сын уккан сайын ал сиз менен сүйлөшкүсү келбей, ал тургай, алдыдагы иштерин сиз менен бөлүшпөй калат.

 

8. Айрымдар жолдошунун жакпаган сапатын өзгөрткүсү келип аны кайра-кайра айта берет. Бирок аны айтуу менен эч кандай өзгөрүү байкалбаса, кайталап айта берүүнүн кереги жок. Ал кандай болсо, дал ошондой кабыл алыңыз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE