Пример HTML-страницы

Жубай менен ойнош ортосундагы согуш.

https://kyrgyzcha.site/?p=51086&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Жубай менен ойнош ортосундагы согуш.

 

Бүгүнкү күндө күйөөсүн башка аялга тарттырып жиберген аялдар толтура. Тескерисинче, ойношунун кучагынан сууруп чыккан аялдар да жок эмес. Эгерде аялы көбүрөөк катачылык кетирсе, эркек башка жакка ыктай башташы мүмкүн. Ал эми ойношу катачылык кетирсе, кайра эле аялына кайтып келиши ыктымал. Эркек башка бирөө менен мамилелеш болуп баштады дейли. Албетте, биз муну сындап баштайбыз. Бирок, бул жолу маселени моралдык-этикалык тарабынан эмес, башка өңүттөн карап көрөлү. Биз «ойнош күттү» деген сөздү «чыныгы сүйүүгө жолукту» деп алмаштырып карайлы.

 

 

 

 

 

 

 

Согуштагыдай жагдай

 

Ушундай кырдаал түзүлдү деп көрүңүз. Күйөөңүз башка бирөөгө көз арта баштады. Эртеби-кечпи сиз «атаандашыңыз» бар экенин билесиз. Эркек көпкө жашыруун мамилелеш болуп жүрө албайт. Кайсы бир күнү жарыкка чыккысы келет. Кызык мына ушундан тарта башталат. Тынчтык жолу менен ажырашып, мүлктөрүн бөлүштүрүп, балдарына «атаңар бизди жакшы көрөт, бирок бүгүнтөн баштап башка жакта жашайт» деп айтып, жакшы мамилени сактап калган аялдар чанда гана жолугат. Ар бир аял бул суук кабарды угары менен согуш жарыялары турган иш. Каршылаш тараптагы ойнош дагы бул учурда тим жатпайт. Ал дагы сиздин күйөөңүздү сүйөт да. Ал деле бактылуу болгусу келет. Бирөөнүн үйбүлөсүн бузуп атканына деле карабай өз бактысы үчүн күрөшүшү мүмкүн.

 

Кайсыл жакка оошун билбей, ортодо эркек турат.

 

Биринчи жаңылыштык: Ажаандык

 

Аял. Албетте, күйөөсүн тарттырып жиберген аял стресске түшөт. Көз жаш аялды байкуш кылып көрсөтүп коет. Биздин аялдар «кооз» ыйлаганды али үйрөнүшө элек. Көздөрү кызарып, мурду шишип, үнү бүтүп, идиштерди талкалап… Бул аялды сулуу көрсөтпөйт. Мүмкүн болушунча мындан тез аранын ичинде качуу керек.

 

Ойнош. Ажаандык кылууга сизге али эрте. Кандай ишке барып атканыңызды башында билгенсиз. Албетте, ыйлап алгыңыз келет. Бирок, жубайы сыяктуу долуланбай, идиш-аякты сындырбай эле кооз ыйлаганыңыз дурус. Ал эми аялы такыр эле ыйлаган эмес болсочу? Анда, эркек кайсыл жакта тынчыраак болсо ошол жакка ыктай баштарын унутпаңыз.

 

Экинчи катачылык: Күнөөлүүнү издөө

 

Аял. Ооба, күйөөңүз күнөөлүү. Ал өзүнүн күнөөсүн билет. Ошон үчүн анын күнөөлү экенин кайра-кайра какшай бергендин кереги жок. Өзүнөн өзү кысылып жүргөн эркекти сиз бир жагынан кыса берсеңиз, эч нерсеге карабай «тойдум байдын кызына» деп басып кетиши мүмкүн, же биротоло жүрөк оорулуу болуп ооруканага жатып калышы ыктымал. Бул учурда өзүңүзгө эле кыйын болору талашсыз.

 

Ойнош. Экөөңүздөрдүн күнөөңүздөрдүн деңгээли бирдей деңгээлде. Анткени, сиз башы бош эмес адам менен мамиле түзүп атканыңызды билгенсиз да. Ал сиздин алдыңызда өзүн күнөөлүү сезери күмөн. Эркекти күнөөлүү кылып көрсөтүгө аракет кылган сайын ал өзүн сиздин алдыңызда эмес, үйбүлөсүнүн астында күнөөлүү сезе баштайт. Бул учурда сиз аялына упай топтоп бересиз.

 

Үчүнчү катачылык: Катуу көзөмөл

 

Аялы жана ойношу. Каякта жүргөнүн такып сурап, кийимдерин жыттап көрүп, телефонун, компьютерин, чөнтөгүн катуу текшерген — эң негизги катачылыктардын бири. Эркиндик чектелгенин эркек жактырбайт. Бул жоругуңуздан тажап, кандайдыр бир чара көрүүнү ойлоно баштайт. Ал эми аялдар менен чогуу иштеген эркектин кийимине жок жерден эле башка аялдардын атырынын жыты сиңип калышы толук мүмкүн. Издеген баары бир табат. Сиз табууну каалайсызбы?

 

Төртүнчү катачылык: Баланы пайдалануу

 

Аял. Бала — алмаштыргыс байлык. Бирок, аны манипуляция куралы катары колдонбош керек. Наристе үчүн гана эки адам чогуу жашоого мажбур болсо, ортодо бала эле кыйналып, бактысыз чоңоюшу мүмкүн экенин бүткүл дүйнөнүн психологдору бир ооздон айтып келишет. Ата-энесинин бирин-бири сүйбөй зор-күчкө салып эле жашап аткан чөйрөсүндө чоңойгончо, бала эки башка жашап, бирок бактылуу жүргөн ата-энесинин таасиринде чоңойгону жакшы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE