Пример HTML-страницы

Жети-Өгүздө өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда вилосипед тээп бараткан өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыйымылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 4-июль күнү Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын борбордук көчөсүнөн белгисиз айдоочу өңү ак түстөгү унаасы менен ушул эле айылдын тургуну — 2009-жылы туулган С.А.У. аттуу жаш өспүрүмдү велосипед тээп бара жаткан жеринен сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Бул жол кырсыгы Жети-Өгүз РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, качып кеткен айдоочуну табуу максатында ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

Көрүлгөн иш-чаралардын негизинде, Жети-Өгүз райондук ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну — 1997-жылы туулган А.У.А. аныкталып, «Ауди-С4» үлгүсүндөгү автоунаасы менен кармалган.

Автоунаа айып короого токтотулуп, айдоочу тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Азыркы учурда тергөө кызматы тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE