Араванда таза суу жана сугат суу менен камсыздаган скважиналар пайдаланууга берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Араван районунда сугат суу жана таза суу менен камсыздаган скважиналар пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев да катышты.

Төө-Моюн айылын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн 6 скважина жана Керкидан айылынын Ак-Босого айылында таза суу скважинасы курулду.

1. Ак-Шар айылындагы скважина, №2030;

2. Жеке-Мисте айылындагы скважина, №21434;

Пример HTML-страницы

3. Сырт айылындагы скважина, №1956;

4. Керкидан айылындагы скважина, №2550;

5. Жаштык айылындагы скважина, №1816;

6. Найман-насос (1450 метр, түтүк 200 диаметр).

Жогорудагы скважиналар жалпы 247 гектар аянты сугат суу менен камсыздайт.

Төө-Моюн айыл аймагынын Керкидан айылынын Ак-Босого участкасында 150 кожолук жашап, калктын саны 700гө жакын адамды түзөт. Тургундар таза сууну каналдан алып жүргөн. Сел болгон учурда жана кыш мезгилинде каналдан таза суу алуу көйгөй жаратып келген.

Таза суу менен камсыз кылуу үчүн Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн бюджетинде акча каражаты жетишсиз болгондуктан облус жетекчисинин өнүктүрүү фондунан 4 млн 646 миң сом бөлүндү. Таза суу скважинасы 115 метр чуңкурдан казылып, ичүүгө корутунду алынган. Ошондой эле электр мамычалары менен туташтыруу жана 1 км аралыкка суу түтүктөрүн тартуу иштери башталары күтүлүүдө.

Иш-чарада айылдык кеңешинин депутаттары «Төө-Моюн айылынын ардактуу атуулу» наамын Элчибек Жантаевге тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️