Токмоктогу май куюучу жайда унаа оодарылып, 2 адам жабыркады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарына жакын жердеги «Bishkek Petroleum» май куюучу жайынын боюнда жол кырсыгы орун алды. Бул тууралуу окунын күбөлөрү билдиришти.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы маалыматты тастыктап, кырсык 2024-жылдын 6-июль күнү болгонун кабарлады.

Бишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунун 62-чакырымында «Nissan Primera» үлгүсүндөгү унаа аталган май куючу жайдын тосмосун сүзүп, оодарылып кеткен. Натыйжада 1993-жылы туулган М.А., 1992-жылы туулган М.Д. денесинен ар кандай жаракат алып, Токмок шаардык дарыгерлердин жалпы практикалоо борборуна кайрылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️