Пример HTML-страницы

ЖЕҢИЛ ОЙЛУУ АЙЫМДЫ КАНТИП АНЫКТООГО БОЛОТ.

https://kyrgyzcha.site/?p=54154&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЖЕҢИЛ ОЙЛУУ АЙЫМДЫ КАНТИП АНЫКТООГО БОЛОТ

 

Биринчиден социалдык тармактагы өздүк баракчасын карап көр. Негизинен мындай аялдардын контактары көп болот. 80-жылдары мындай аялдардын Эшмат, Ташматтар жазылган калың дептери болгон. Азыр бул кичине жөнөкөйлөшкөн.

 

«Ким борбордо, чогу түштөнбөйлүбү»- деп жазат. Албетте, Айгүл, Нүргүл жазса жооп бербейт. Ал эми Жоробек жазса жетип барат.

 

 

Аны бардык оюн зоок, көргөзмө, отуруштардын сүрөттөрүнөн көргөнгө болот. Активдүү жашоо өткөрүп жатканын белгилеп турат.

 

Төлөбөй туруп ичип-жеген анын жашоо стили.

 

 

Дем алыш күндөрү көңүлү чөккөн постторду жазат. Себеби, жекшемби күнү эртең менен жанында бирөөнүн түшүнүксүз “бир нерселери” менен ойгонот. «Күз. Кайгы.» «Кайрадан жамгыр» деген жазуулар; көлчүктүн, шөмтүрөгөн иттин, резина өтүктүн сүрөттөрү. Мунун баары жума, ишемби күндөрү бакыттын туу чокусунда болгондугу жөнүндө кабар берет. Бирок, ким менен экенин өзү деле билбейт.

 

Эми ал өкүнүп жатат. Ким менен болгонун эстейт, издейт. Досторго кошконго суроо жөнөтөт, кабыл албайт. Досторунун тизмесин карайт. 1300 досунун ичинен 10 пайызы менен «жаткан», калгандары бири-биринен уккан. Анан көңүлү чөгөт да.

 

 

 

Кафе-барларда мындайлар биринчи көзгө илинет. Же эң көңүлдүү — баарын тааныйт; ДиЖейди, барменди, күзөтчүнү — себеби баары менен болгон. Же унчукпай телефонун чукугулап отурат — жогорку эле себеп үчүн.

 

Бирөөнү көрө калып дос кызынын артына жашына калса, демек аны менен да «мамиледе» болгон, ал бала кайра чалган эмес.

 

 

 

Жаныңа өзү басып келет. Шылтоону бат табат. Тамеки чекпесе да, күйгүзүп алайынчы дейт. Сенин жообуңду гана күтүп турат. «Колготкиң сонун экен» — деп көрчү, бүттү, сен акылдуусуң, моданы түшүнөсүң деп, «баарына» даяр.

 

Эч нерсе алып бербеш керек. Алып берсең автоматтуу түрдө досуна айланасың. Сени көпкө колдонгонго болоорун түшүнөт. Баары менен «жатат», керек болсо таксист менен дагы, а сени менен, жок — сен досусуң. Ошондуктан бир жолу макулдашып алышың керек. Бүгүн «тигил» – эртең кино.

 

 

 

Ал соо кезинде оор басырыктуу. Ичине 10 грамм ичимдик киргенден кийин көңүлдүү болуп чыга келет. Бий аянтчасын ээлеп алат. Өзүнө өзү ээ боло албай калат. Ал бактылуу, батыраак мас болгонго аракет кылат.

 

Үйүңө киргиздиң дегенче болду, кубалап чыга албайсың.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE