Пример HTML-страницы

Жеенбек Маканбаев Баткендеги эң бай айыл өкмөттүн башчысы болуп дайындалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Маканбаев Жеенбек Абдирасулович дайындалды. Бул тууралуу буйрукка Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы—аким Баяке уулу Болоткан кол койду.

Аймактык кабарчы билдиргендей, бүгүн, 5-июль күнү жаңы дайындалган айыл өкмөт башчы аппарат кызматкерлерине тааныштырылды.

Буга чейин 47 жаштагы Жеенбек Маканбаев Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп турган.

Ак-Турпак айыл өкмөтү Кыргызстандагы эң бай айыл өкмөттөрдүн бири болуп эсептелет. Бул аймакта күрүчтүн эң кымбат сортторунун бири девзире (жайдары) өстүрүлөт. Девзире күрүчтү кургатуу абдан машакаттуу. Себеби ал жумшак келет. Аны салкын кезде кургатуу керек. Күндө жарылып кетет. Бул сорт башка сортторго караганда кымбатырак, ал Ак-Турпакта гана өсөт.

Ак-Турпакта 3100 гектар аянтка девзире, лазер, андижан, аланга, взрос сортундагы күрүчтөр өстүрүлөт. Кадамжай районунда өстүрүлгөн күрүчтөрдүн 90% ушул айыл өкмөткө тиешелүү.

2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Турпак айыл өкмөтү «Кыргызстандагы мыкты айыл өкмөт» наамын алган. Ак-Турпак Баткен облусундагы эң бай айыл өкмөттөрдүн бири болуп эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE