Пример HTML-страницы

Жашыл картошканы жегенге болбойт. Эмнеге?

https://kyrgyzcha.site/?p=50836&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Жашыл картошканы жегенге болбойт. Эмнеге?

 

Бир же көп жылдык өсүмдүктөрдүн бардыгы, ошону менен катар, картошка да соланин деп аталган уулуу заттан турат. Ал өсүмдүктү зыяндуу курт-кумурскалардан коргоп турган зат. Керек болсо бышкан картошкадан анын издерин тапса болот. Бирок ал бир аз гана болгондуктан организмге таасир бербейт.

 

Картошканы туура сактабаса, ал жашыл түскө айлана баштарын баарыбыз билебиз. Жана ошондой эле бул картошканы «ай көргөн картошка» деп да айтып келишет. Айга көрүнүп калган бети жашыл түскө айланат. Дал ушул жашыл түс кабыкта кайнатканда да кетпей турган уулуу соланин жыйналат. Эгер ошондой картошканы жесе, адам катуу ууланып калуусу мүмкүн: ооздо ачуу даам пайда болуп, адам окшуп, кусуп, ичи ооруйт. Ал эми андан кийин да бир топ кыйналасыз.

 

 

 

Картошканын жашыл кабыгынын төрттөн бир бөлүгүндө гана болсо, анда аны кесип алып таштоого болот. Ал эми андан көп бөлүгү жашыл түскө айланса анда аны жегенге болбойт. Ошондой эле, өнүп кеткен картошканын курамында да соланин көп болот. Өзгөчө ар тараптан өсүп кеткен өнгөн тамырлар чыккан көзчөлөрдө жыйналат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE