Адам кайсы гана жашта болбосун туура тамактана билүүсү – мыкты ден-соолуктун кепилдиги. Дарыгерлер да ар бир жаш куракта туура такмактануунун өз тартиби менен адеби бар экенин айтышат. Өзгөчө, картайганда тоюп тамактануу, ачуу, таттуу тамактарды көп жеген, кара чай, кою кофе, спирт ичимдиктерин ичкен өтө зыян. Ал эми тескерисинче, жашыңызга ылайык туура дем алып, тамактанып, өзүңүздү күтө билсеңиз жана башкаларга жакшылык кылып, таарынычы жок өмүр сүрсөңүз, ал сизди жашартат. Адамдардын эрте картаюсу же улгайган кезде өзүн жаш, сергек сезүүсү жашоо салты менен тыгыз байланыштуу. Адистердин кеңешине көңүл бөлсөк:
20-30 жаштан кийин
Бул адамдын жашоосундагы эң активдүү учур. Бийик максатка жетиш үчүн адамзат тыным таппайт. Алардын кандай тамактануусу, эмне ичип-жегени тууралуу ойлонуп-толгонуусуна убакыт боло бербейт. Басып келе жатып тамактануусу, тез даярдалуучу фабрикаттарды жегени ушул убакытта көп кездешет. Бирок дал ушул жаш куракта ар бир адам туура тамактануу тартибине жакшы көңүл бөлгөнү оң. Үйдө даярдалган тамакты жесе жакшы, күн сайын жер жана мөмө жемиштерди жеп, майлуу тамактардан баш тартуусу керек. Бул жашта жүрөк дартына чалдыгып калуу коркунучу өтө көп кездешкендиктен, майлуу тамактар өтө зыян.
40 жаштан кийин
Дал ушул жаштан баштап организмде картаю процесси жүрөт. Алгачкы ак чач жана бетке бырыш түшөт. Сырткы келбетте ушундай өзгөрүүлөр болуп жатканда, ички организмде да картая баштайт. Зат алмашуу процесси жайлап, май катмары өсөт жана булчуң этин жумушунда өзгөрүүлөр пайда болуп, денеге ашыкча салмак кошулат. Ашыкча салмак көбөйгөндөн тартып, тамактануу тартибин өзгөртүп, жолго коюу маанилүү. Ушул кезде пайдасы аз азык-түлүктөр менен калориясы жогору болгон тамактарды жегенди токтотуңуз.
Тескерисинче, курамы витеминге бай жер-жемиштерди, мөмөлөрдү, деңиз азыктарын көбүрөөк колдонуңуз. Ошол эле убакта тамактар аркылуу организмди керектүү минералдар менен витаминдер менен камсыз кыла аласыз. Эң башкы эскерте кетчү жагдай, 40 жаштан ашкандан кийин спирттик ичимдиктерден баш тартып, тамеки чегүүнү токтотуңуз. Милдеттүү түрдө спорт менен машыгууну баштаңыз


















































