…ЖАШООГО КИМДИР БИРӨӨЛӨРГӨ ЖАГАЛДАНЫШ (КОШОМАТ КЫЛУУ) ҮЧҮН КЕЛГЕН ЭМЕСПИЗ!
📷 Биздин убакта адамдар өзүн актоо үчүн түркүн сөздөрдү ойлоп таба алышат. Бирок, жөнөкөй эле » Кечир, мен адашкан экенмин » — деген сөздү айтуу алда канча татаал.
📷 Кээде жалгыз болгон да жакшы. Себеби, эч ким сенин көңүлүңдү ооруталбайт.
📷 Мен досторду пикир келишпестиктин айынан жоготушат деп ойлогом, а алар убакыттын өтүшү менен өздөрү эле кайдадыр жуурулушуп кетишет тура.
📷 Адамдын баарына жакшылык кылууга мүмкүнчүлүгү жок, бирок анда эч кимге жамандык кылбоо мүмкүнчүлүгү бар.
📷 Сүйүү — бул эки тараптуу сезим. Эгер бирөөсү гана сүйсө, анда бул — ооруу.
📷 Таарынычтар кетет. А ишенимдер кайтпайт.
📷 Эгер адам оорууну сезсе, демек ал — тирүү. А эгер адам башка бирөөнүн ооруусун сезсе, демек ал — АДАМ!
📷 Достук — бул бриллиант сымал. Өтө сейрек кездешет, кымбат турат, а жасалмалары абдан көп.
📷 Эч качан жалаа менен мактоого өзгөчө маани бербе. Ич күйгөндөн жалаа жапса, боор ооругандан мактап коюшу мүмкүн.
📷 Эч качан өзүңдү төмөн ойлобо. Сенден даражасы жогору адамдардын да бир кемчилиги болот.
📷 Эгер чөгө турган болсоң, бир гана бакыттын деңизине чөк!
📷 Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан жакшы.
📷 Бийикке чыгып баратканыңда, жолуңдан кездешкен адамдарды таарынтпа. Анткени, ылдый кулап жатканыңда, кайра эле алар менен кезигесиң.
📷 Сырткы кебетеңе карап баа бергендер, демек алар тереңдик эмне экенин түшүнүшпөгөндөр.
📷 Каталардан качыш үчүн, тажрыйба керек. Бирок, тажрыйба болуш үчүн, адашуу керек.
📷 Жоготуп алган кезиң — жоготуу эмес, жоготуп алганыңа өкүнгөн кезиң — чыныгы жоготуу болот.
📷 Мамилелер дүрбү сыяктуу. Кимдир бирөөнү алыстатса, кимдир бирөөнү жакындатат.
📷 Бакыттын эң жөнөкөй сыры — эч качан ден соолугуңду, аялыңды, маянаңды бирөөнүкү менен салыштырба.
📷 Жакшы адамды таануу оңой эле:
Анын жүрөгүндө кайгы, а жүзүндө күлкү.
📷 Сен көрүп турган нерсе, сенин кандай караганыңдан көз каранды.
📷 Таарыныч ташка окшош. Аны өзүңө чогултпа. Болбосо, анын оор салмагын көтөралбай жыгылып каласың.
📷 Адамдар алсыз болгону үчүн ыйлашпайт, а себеби, алар көп убакыттар бою күчтүү болуп келгени үчүн ыйлашат.
📷 Кээде сени угуулары керек үчүн, унчукпай турган пайдалуу. Жана сени байкоолору керек үчүн, жоголуп туруу керек.
📷Кээде, бир адамдын кылган жамандыгын кечиргенче, аны унутуп койгон жеңилирээк.
📷 Тууганды бизге Жараткан белек кылат. А досторду Аллага шүгүр өзүбүз тандайбыз.
📷 Жашоодо өзүң менен өзүң болуп, өз жолуңду тап. Кимдир бирөөлөргө жагалданыш үчүн келген эмеспиз.
📷 Муну эсиңен эч качан чыгарба! Эч качан кокустук деген болбойт!
📷 Жаныңда эч ким жок калса, демек өзүң менен таанышууга убакыттын келгени.
📷 Жасабадым деп өкүнгөнчө, жасап туруп өкүнгөн жакшыраак.
📷 Аялды сүйбөй туруп, аны менчиктесе болот, бирок аялды менчиктебей туруп, аны сүйсө да болот.
📷 Ар адам билгенин гана сүйлөгөндө, дүйнөдө кандай сонун тынчтык болмок.
📷 Адамдарды жакшы тааный баштагандан бери, айбанаттардан дос күтө баштадым.
📷 Сенин жакшы экениңди билип туруп жаман көргөн адам , өлүм босогосунда сени көргүсү келет.