Пример HTML-страницы

ЖАҢЫДАН ТУРМУШКА АТТАНЫП ЖАТКАН КЫЗДАРГА 22 КЕҢЕШИМ.

https://kyrgyzcha.site/?p=50077&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЖАҢЫДАН ТУРМУШКА АТТАНЫП ЖАТКАН КЫЗДАРГА 22 КЕҢЕШИМ.

 

Албетте, көптү көрүп койгон чоң эне эмесмин, ошентсе да мына быйыл отуз жашка чыгып, аз да болсо ак- караны ылгап калдым десем болот. Азыр мен айта кетчү кеңешимди бардык эле аял заты билет, болгону аткаруудан көпчүлүгү баш тартат. Ушул кеңешти туура, так аткарсак эле бактылуу болобуз демекчимин.

Жаңыдан турмушка аттанып жаткан кыздар, эң биринчи, бөтөн үйгө барууга өзүңөрдү абдан даярдагыла. Ак көйнөк кийип, кафеде бийлеп, эл көзүнө укмуш көрүнүү баарынын колунан келчү нерсе. Эң башкысы «үй- бүлө очогун бекем сактап калуу»- ушул гана ой болуу керек ар бир кыздын башында.

 

 

1. Сен өзүңдүн үй- бүлөңдү кандай жакшы көрсөң, түгөйүңдүн дагы үй- бүлөсүн жакшы көрүүгө тырыш.

 

2. Эч качан колдун учу менен иш кылба, ошол үйгө болгон күчүңдү жумшап, берилүү менен көңүлүң менен иш кыл.

 

3. Ошол үйдөгү ар бир адамга кандай мамиле жасасаң, ошол мамиле сага кайра кайтып келет.

 

4. Ар дайым зирек, сезгич, таза бол! Аялдын жакшысы үй оокатынан, буюмдарынан билинет. Жалкоолукту таптакыр унут.

 

5. Аз сүйлөп, көп ойлон. Ашыкча сыр чечип бирөө менен сырдаш болбо. Бул ушакчы келин атына кондурат. Ар дайым үй- бүлө мүчөлөрүнө сүйлөп жатканда жүзүңдө жылмаюу болсун.

 

6. Жолдошуңа ашыкча эркелөө бул дагы жаман адат. Болбогон нерсеге ыйлап кадырыңды кетирбе, бара- бара сенин ыйың бир тыйынга татыбай калат.

 

7. Себепсиз, ашыкча кызгануу турмуштун очогун ойрон кылуучу коркунучтуу курал. Андыктан ачууга алдырып ашыкча кызганба. Жакшы эркек эч качан үй- бүлөсүн таштап кетпейт, ал эми жаман эркекти миң ыйлап, миң текшерсең дагы акыры өз билгенин кылат. Мындай учурда жаман эркекти кармап эмне кыласың?

 

8. Турмушта сөзсүз кыйынчылык болбой койбойт. Белди бекем бууп баарына чыдоо керек. Жаштык кылып дароо колуңду таштаба.

 

9. Казан- аяк кагышпаган үй- бүлө болбойт, андыктан дароо чечим чыгарба. Ачуу үстүндө чыгарылган чечим ар дайым туура эмес. «КЕТЕМ»- деген сөздү эч качан айтпа. Кыдырыңды кетирчү сөз ушул.

 

10. Өзүңдүн гана кызыкчылыгыңды ойлобо,башкалардын дагы кызыкчылыгы эсиңде болсун.

 

11. Бир сырдуу бол. Бир эле учурда сенден сүрдөп, жана сени жакшы көрүп турушсун.

 

12 . Тамагың даамдуу болсун. Ар дайым сенден айып таба албагандай бол. Сарамжалдуу бол. Ашыкча ысырап кылбаганга аракет кыл.

 

13. Сен кандай адам болсоң, жолдошуң дал ошондой адамга айланат. Бул нерсе сырттан караган бөтөн адамга абдан билинет. Ошондуктан түгөйүңдүн жумушунда ийгиликтер болсун десең, ар дайым жакшы кеңеш айтып, туура багыт көрсөт.

 

14. Жолдошуңдун жүрүм- турумун, кийимин карап сенин кандай аял экениңди билишет.

Ар дайым тазалыкты сүй. (Уяда кандай тарбиялансаң, турмушка чыкканда билинет.)

 

15. Баарын эле өз апаң айткандай жасай бербе, себеби сен барган үйдүн тартиби башка.

 

16. Ажылдаак кыял ар бир аялда болот. Аны курал катары колдонбо, сенден баары тажап калат.

 

17. Балалуу болгон соң өзүңдү мурдагыдан да токтоо тут. Эми сен энесиң, сен келечек муунуна тарбия бересиң. Балдарыңдын келечегине эне көбүрөөк себепкер.

 

18. «Бул сенин дагы балаң!Мэ, карма!»- деп атасына оройлонбо. Ата баланы сагынып, чын жүрөктөн мээрим төгүп колуңдан талашып алуу керек.

 

19. Күйөөң үйгө келгенде үй ысык, таза, балдарың таза кийинген, тамак даяр болуусу шарт. Мындай ысык уядан эч бир эркек алыстабайт.

Балдарыңа атанын ордун эсине сал. Алар атадан сүрдөп, ашыкча ызы- чуу кылбашы керек.

 

20. Жолдошуңдун кемчилигин эч кимге айтпа. Болбогон майда урушту айтып ата- энеңе арызданба. Күйөө баланын баркын кетиресиң. Жалгыз эле күйөөңдү эмес, сени дагы төркүндөрүң сыйлабай калышат.

 

21. Күйөөңө баарын эле айта бербе, анча- мынчасын сыр кылып тут. Кээде ошол сырларың өзүңө колдонулган курал болот. Кыялына жараша мамиле кыл.

 

22. Ал эми аял затынын өзүнө келсек. Ар дайым өзүңдү сүйүп жүр. Арзан болсо да жарашыктуу кийин. Өзүңө кара, таза жүр, сулуулукту сакта.

 

Менин кеңешим баарына болбосо дагы кээ бир кыздарга пайдасы тийет деп ишенем. Урматтуу эжекелерим комментарийге алмаз менен болоттон курч акылыңыздарды жаш турмушка аттанып жаткан кыздар үчүн жаза кетсеңиздер болот. Жаштыкта кимдер гана ката кетирбейт, балким чоң пайдасы тийип калар деп үмүттөнөм.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE