Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы «Айти» базарынын орду мэрияга өттү. Соодагерлер кайсы жерге жайгашты?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад шаарындагы автоунаа тетиктери жана эмеректер сатылган «Айти» базарынын орду толугу менен калаанын муниципалдык менчигине өттү. Учурда бузуу иштери жүрүп жатат.

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Кубанычбек Иманалиевдин айтымында, базар ээси өз ара сүйлөшүү жолу менен өткөрүп берген.

«Муниципалдык менчикке өтүп жаткан айрым жерлер мамлекетке өтүп, андан шаар бийлигине өтүп жатат. Ал эми «Айти» базарынын ээси муниципалдык менчикке түздөн-түз өткөрүп берди. Бул базардын жалпы аянты 3 гектар 60 сотыхты ээлейт. Базардагылардын бир тобу автоунаага керектүү тетиктерди сатышса, дагы бир тобу автоунаа оңдоочу жайларды иштетчү. Базар ээси автоунаалар менен алектенген соодагерлерди өзүнүн жеке менчик жерине алып чыгып кетти. Ал эми эмерек саткан сатуучуларга жайды биз карап бере турган болгонбуз. Аларды калаадагы муниципалдык базарга убактылуу көчүрдүк. Өз ишмердүүлүгүн башташты, июль айынан тарта кадимкидей ижара акыларын төлөшөт. Атайын жумушчу топ түзүлгөн, алар жеринде соода жайлар боюнча иштеп жатат», — деди ал.

Буга чейин муниципалдык базар инвесторлорго берилери айтылган болчу. Маалыматка караганда, шаар бийлиги чет элдик инвесторлордун өкүлдөрүнө башка жайдан жер сунушташкан. Буга чейин базарда соода кылгандар менен түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылган. Муниципалдык базар 2022-жылы ачылып, алгач соода кылгандар ижара акылардан бошотулуп, жеңилдиктер да каралган. Базардын иштеп кетүүсү үчүн эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программалар да өткөрүлдү. Ага карабастан базардын иши жанданган эмес. Соода түйүн алгандардын көпчүлүгү ижара төгүп, бирок сооданы жандантып кете алган жок. Шаардын бийлик өкүлдөрү базардан болжолдуу 10 миллион сомдой киреше түшөрүн болжогон менен алар күткөндөй базар иштеп кеткен жок. Эмерек сатуучулардын жайгашуусу базардагы сооданы жанданта турганын божомолдоп жатышат.

Калаада 22,5 гектар жерге муниципалдык базар куруу планы боюнча долбоор иштелип, жалпы сметалык баасы да эсептелип чыкты. Базар курууга болжолдуу 5 миллиард сом жумшалышы мүмкүн. Базар 2 жылда курулуп бүткөрүлөрү күтүлүп жатат. Жаңы курулуучу жайга калаадагы бардык базарларды көчүрүү пландалууда. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү базарлардын дээрлик баары жеке менчик экендиги, муниципалдык чоң базар иштесе, казынага акча түшөрү айтылып, түшкөн каражатка социалдык объектилер курула турганын айтып келишет.

Жалал-Абад шаарында жалпы 8 базар бар.

——————————————————

Turmush 2024-жылдын март айында Жалал-Абад шаарында 2 жыл мурун шаар бюджетинин кирешесин көбөйтүүгө багытталып курулган муниципалдык базардын ордуна эми жеңил жүк ташуучу унааларды чогултуучу завод куруларын жазган. Бул жагдайга шаар мэриясы менен келишим түзүп, базарда иштеп жаткан ижарачылардын нааразы болгондору, соода болбой жатканын айтып, туура көргөндөрү да бар.

Кезинде имарат кароосуз абалга кептелип, таштандыга толуп жаткан жайды калыбына келтирүү менен муниципалдык базарга айлантуу демилгеси көтөрүлгөн. Жалпы аянты 3,5 гектар жерди ээлеген жерге базар куруу үчүн шаар бюджетинен 2021-жылы 25 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, 2022-жылы базар пайдаланууга берилген. Шаар бийлиги эгер бул муниципалдык базар жөнгө салынып кетсе, шаар казынасына жылына 45 миллион сомдой каражат түшөрүн айтып келишкен.

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнис Ормоковдун айтымында, калаадагы базарлардын баары «Телтору» ат майданына жылдырылат. 22 гектар жер аянтын муниципалдык базарга айлантуу үчүн жалпы сметалык баасы эсептелип жатат.

«Телтору” ат майданы бизге жакында өттү. Ал жерге калаадагы төрт базарды көчүрүп барабыз. Бул боюнча базар ээлери менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буйруса аянты чоң, заманбап муниципалдык базарга айланат. Бул жердеги базар акыркы күндөрү жакшы иштебей калды. Ижарачылар ижара акысын төлөп койгон менен көпчүлүгү соода кылбай жатышкан. Соодагерлерге канча жолу товар киргизгиле дедик. Ижара акыны төлөп коюп, иштетпей кармап отургандар болду. Базар жакшы иштебегендигине байланыштуу инвесторлор менен сүйлөшүп, завод курууга макул болдук. Өндүрүш тармагын да эске алуубуз керек болуп турат. 200 жумушчу жумуш менен камсыз болот. Өлкөдө элге айыл чарбага керектелүүчү жабдыктар чыгат. Ошону да эске алдык», — деген калаа башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE