Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда «алтын сертификат» жана «Алтын тамга» алган бүтүрүүчүлөргө акчалай сыйлык тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 4-июлда Жалал-Абад шаарында 2023-2024-окуу жылында «алтын сертификат» жана «Алтын тамгага» ээ болгон бүтүрүүчүлөрү сыйланды.

Мэриянын маалыматы боюнча, калаа башчысы Эрнисбек Ормоков бүтүрүүчүлөр менен жолугушту. Аларга ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жалал-Абад шаарында эки жылдан бери «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына жана «алтын сертификатка» ээ болгон бүтүрүүчүлөргө жана алардын мектебине жергиликтүү бюджеттен сыйлыктар тапшырылып келет. Тактап айтканда, «Алтын тамга» алган жана ЖРТдан жогору балл алган бүтүрүүчүлөргө 25 миң сомдон, «алтын сертификат» алгандарга 30 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле алар билим алган мектептер да акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Быйыл Жалал-Абад шаарында 1006 окуучу 11-классты аяктады. Ал эми алардын арасынан 3 бүтүрүүчү «алтын сертификатка», 5 бүтүрүүчү «Алтын тамгага» ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE