Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү күтүүсүз кырсыкта кимдер каза таап, жабыркаганы аныкталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагында көлгө чөгүп кеткен кыздардын бири райондук оорукананын хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

Аталган оорукананын маалыматына ылайык, 2011-жылы туулган Ж.Р. аттуу кыз туздуу суу жутуп калган абалда ооруканага түшкөн. Учурда хирургия бөлүмүндө даарыланууда.

Ал эми аталган айылдын 11 жаштагы тургуну У.А. көлгө чөгүп каза болуп калган.

ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагындагы Марко-Поло эс алуучу жайынын жанында көлгө 2 кыз чөккөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Жабыркагандарды жергиликтүү тургундар суудан алып чыккандыгы жана тез жардам кызматы жерине чакырылганы тууралуу айтылган. Тез жардам кызматынан тактаганда, жерине 1 бригадасы тартылганын маалымдаган.

Анда 11 жаштагы У.А. каза болуп калган жана кыздын ата-энеси алып калган. Экинчи кыз 2011-жылы туулган Ж.Р. Жети-Өгүз райондук ооруканасына жеткирилгендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына ылайык, Жети-Өгүз РИИБге саат 16:05те мөөнөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда 2013-жылы туулган кыз каза болуп калганы айтылган. Ыкчам топ жерине барып, териштирүү иштери жүрдү.

Кыздын ата-энеси эч кимге арыз-доосу жок экенин билдирген.

  • Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Боз-Бешик айылында 3 кыз көлгө чөгүп кеткенин жазган. Анын ичинен 2 кыз куткарылып, 1 кыз каза болуп калганын Рулсан Абдыбек уулу билдирди.

Анын айтымында, окуя 2024-жылдын 3-июль күнү саат 14:00 чамасында Боз-Бешик айылында жайгашкан “Marco Polo” пляжында орун алган.

«Көл жээгинде мен, уулум жана катамаран иштеткен Руслан аттуу жигит отурганбыз. Аңгыча эле бир аялдын ачууу кыйкырыгы чыгып, жардам сурап калды.

Дароо туруп карасам, 50 метр аралык жерде 3 кыз көлгө чөгүп жатыптыр. Эч ойлонбостон жээкте турган 1 кишилик саб досканы тээп жөнөдүм. Алгач бир кызды, анан экинчи кызды суудан сууруп чыгардым. Үчүнчү кыз көмкөрөсүнөн түшүп калган экен, тилекке каршы жардам бере албай калдым.

Эки колумда эки кыз, өзүм кийимчен сууга тартып жатты. Жээктен жардам келгиче баштарын өйдө көтөрүп турдум. Анан уулум жана Руслан деген жигит келгенде, саб досканын үстүнө чыгарып, биринчи жардам көрсөтүп, аман алып калдык. Үчүнчү кызга жардам бере албай калганыма өкүнүп, бассам турсам эсимден кетпей, жаман болуп жүрөм. 11-12 жаштагы кароосуз жүргөн кыздар экен. Ойлоп отурсам, эч нерсени ойлобостон эле сууга кирип кетипмин. Чөнтөктө телефон, ачкычтар бар эле, алып салууну да ойлобопмун. Эки бир тууган кыздын өмүрүн сактап калдым, бул эң башкысы», — дейт ал.

Абдыбек уулу Руслан 1980-жылы Кызыл-Суу айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 6 уулдун атасы. Ысык-Көл облусунун улуттук кол күрөш федерацииясын жетектейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE