Пример HTML-страницы

УКРОП ЭМЧЕК СУТУН КОБОЙТУП, ДИАБЕТИКТЕР УЧУН ДААРЫ!!

https://kyrgyzcha.site/?p=45566&preview=true Пайдалуу кеңештер.

УКРОП ЭМЧЕК СУТУН КОБОЙТУП, ДИАБЕТИКТЕР УЧУН ДААРЫ!!

 

 

 

Укроп нерв, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын системаларына таасирин тийгизип, алардын жакшы иштешине көмөктөшүп, организмдеги ашыкча суюктуктарды айдап чыгып ашыкча салмактуулуктан арылтат.

 

Мындан тышкары диабет оорусу менен күрөшүп, организмдеги уюп калган туздарды да жоготот.

 

Укроптун курамындагы бета-каротин көздүн көрүүсүн жакшыртып, тамакка болгон табитти ачкандыктан дарыгерлер аны тамактануу рационуна аралаштырып колдонууну сунушташат.

 

Кайсы ооруларды айыктырат?

 

Тамгалар көрүнбөй калганча көз тунарып чарчаганда 1 чай кашык укроптун уругу жардамга келет. Аны дакиге ороп ысык сууга 3-4 мүнөт тындырып алып туруп суудан чыгарып муздатуу керек. Даки жылуу болуп калган соң жумулган көздүн үстүнө 5-10 мүнөт кармап туруу шарт. Бул ыкма көздүн чарчоосун басат. Ушул ыкманы көздүн тегерегиндеги майда бырыштарды жок кылуу үчүн дагы колдонсоңуз болот.

 

Мындан тышкары бул ыкма эмчек эмизгендерге да пайдасын тийгизет. Эмчегинен сүт чыкпай кыйналгандар укроптун кайнатмасын ичүү зарыл.

 

Ашказанында жарасы барларга оору катуу кармаган учурда укроптун кайнатмасын ичүү сунушталат. Ал үчүн алгач 2 чай кашык укроптун уругуна 2 стакан ысык суу куюп 5-10 мүнөт демдеп коёсуз. Даяр болгон соң аны ичүү керек.

 

Бул ыкманы эркектер импотенция оорусунда колдонсо болот.

 

Демделгенин ичкиси келбегендерге укропту майда туурап, каймакка аралаштырып салат кылып жеш сунушталат.

 

Кант диабети, ашыкча салмактуулук, кан басымы жогорулар 1 аш кашык майдаланган укропко 1 стакан ысык суу куюп, 1 сааттан соң тундурманы 2 аш кашыктан бир күндө төрт маалдан тамактанарга жарым саат калганда ичүүлөрү керек.

 

Жара, шишик, псориаз жана безеткиде жаш укропту майдалап эзип алуу керек. Эзилген укропту дакиге салып жаранын же шишиктин үстүнө компресс сыяктуу байлап, 3-4 саат кармоо зарыл.

 

Кимдерге сунушталбайт?

 

Кан басымы төмөндөр колдонсо, көздүн көрүүсү начарлайт, баш айлантып кустурат.

 

Класс баса кетиниз, пайдалуу маалымат!

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE