Пример HTML-страницы

УГУТ – АРЫКТООНУН ГАНА ЭМЕС,  ЖАШАРУУНУН ДА ЭЛИКСИРИ. 

https://kyrgyzcha.site/?p=49359&preview=true Пайдалуу кеңештер.

УГУТ – АРЫКТООНУН ГАНА ЭМЕС, 

ЖАШАРУУНУН ДА ЭЛИКСИРИ.

 

Буудайды өндүрүү ыкмасы менен арыктайт деп уктуӊуз беле?

 

Буудайды сууга өндүргөндө анын курамындагы В витамини 6 эсе,

ал эми Е витамини 100 эсеге көбөйөт.

 

Ал эми андагы крахмал угут кантына айланып, ашказанда сиӊирүү процессин күчөтөт.

 

Баса, өнгөн буудайдын даамы сизге анча жага бербеши мүмкүн.

 

Эӊ башкысы, өнгөн буудайды пайдаланууда организмдеги зат алмашуу процесси жакшырып,

адам ашыкча салмактан арылат.

 

Бул ыкма менен айымдар да, мырзалар да арыктаса болот.

 

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

 

1). 80-100 грамм буудайды алып, сууга жууйбуз. Үстүнө чыгып калган буудайларды калпып алып салабыз.

 

Тарелкага 2-3 сантиметр кылып текши жаябыз.

 

Үстүнө таза сууну буудай жабылгыча куюп, бетин даки менен жаап коёбуз.

 

Бөлмө температурасында 24-30 саат турган буудай ак соё болуп өнө баштайт.

 

Өнгөн өсүндү 1-2 миллиметр гана болуусу шарт!

Мындан ашып кетсе ал пайдалуулугун жоготуп, арыктоого натыйжа бербей калат.

 

2. Мындан соӊ өнгөн буудайды кайра сууга жууйбуз.

Эми эртеӊ менен, түштө, кечинде 1 чай кашыктан жеп коюу керек. 1 чай кашыкты 1,5 мүнөт чайноо кажет.

Бул 55-60 ирет чайнаганга барабар болот.

Натыйжа бир айдан кийин билинет.

 

3. Же болбосо 1 чай кашык буудайды эт туурагычтан өткөрүп, 1 стакан сууга аралаштырып алыӊыз.

 

Масса толугу менен агаргыча аралаштырсаӊыз, буудай сүтүнө айланат.

 

Бул дагы өтө пайдалуу суусундук.

 

4. Буудайды өндүрүп алгандан кийин анын даамына дароо көнүп кете албайсыз. Андыктан аны түрдүү жемиштер, мейиз жана капустаны майда туурап, аралаштырып жесеӊиз да болот.

 

5. Мындан сырткары спорт түрлөрү: чуркоо, футбол ойноо, үй шартындагы физикалык көнүгүүлөр менен өнгөн буудайды

комбинациялап алсаӊыз, анда аз эле убакыттын ичинде максатыӊызга жеттим дей бериӊиз.

 

6. Аталган рецепт канды кислород менен байытат.

Түрдүү инфекциялардын вирустарын өлтүрүп, иммунитетти көтөрөт.

 

Клеткалардагы уулуу заттарды, холестеринди, ашыкча майларды чыгарат.

Көздүн көрүүсүн жакшыртат.

Чачтын өсүшүн жөнгө салат.

Жүрөк – кан тамыр системин бекемдейт.

 

Теринин жакшырышын шарттап, жашарууга багыттайт.

Мындан сырткары, адам күч-кубатка ээ болуп, шайдоот жүрө алат.

 

ИНТЕРНЕТ БУЛАГЫНАН АЛЫНДЫ

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE