Пример HTML-страницы

ТОЙ ЖҮРҮТҮҮДӨН МУРДА ОЙ ЖҮРҮТӨЛҮ…. 

https://kyrgyzcha.site/?p=43271&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ТОЙ ЖҮРҮТҮҮДӨН МУРДА ОЙ ЖҮРҮТӨЛҮ…. 

 

АПАҢДЫ ДА УШИНТИП ЛИМУЗИН МЕНЕН ШААР АЙЛАНТКАНСЫҢБЫ?

 

Бүгүн турмуш куруп жаткан аялыңды 6 чакырым алыстыктан алып келгени 6 миңден кымбат машынанын 16сын тизип алып шаар айланган жаштарды көрдүм, бирок АПАСЫН ошончо машына менен юбилей тойлордо шаар айлантып ойноткон жаштарды көрө элекмин….ар бир тууганыңдын же досторуңдун катардагы эле машынасы менен да келиндин үйүнө

барып келсе да болот иним…

 

ТОЙДО

1-суюк тамак

2-манты

3-грил

4-эт

5-аш сыяктуу тамактар 3 сааттын ичинде конокторго тартылып бүтөт. Тартылган тамактардын биринчиси гана коноктордун жолдон келгендигине байланыштуу жээлет, ал эми калгандары ооз тийилип той бүткөндө таштандыга ташылып жатканына көп жолу күбө болуп келебиз. Тамак-аштын сыртында дасторкондогу жайнаган салат, нан, балык, шириндиктер, кант-курс, мөмө-жемиш жана суусундуктарды айтпай эле койоюн. Тамада, ырчы, бийчилерге кеткен акчанын эсебин карап отурсаң, ошонун ордуна бир жетим үй-бүлөгө бир саан торпогу бар уй келет….

Исрафтын алдын алуунун учуру келди туугандар…

Тойдун да форматын өзгөртүү керек эми. 2 сааттан ашпаган той болсо кана чиркин….

 

БИР КҮНДҮК ТОЮҢ МЕНЕН МАКТАНБАЙ БИР ӨМҮРЛҮК ЖАШООҢ МЕНЕН МАКТАН ДОСУМ

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE