Пример HTML-страницы

Табигый азыктар сулуулукта канчалык пайдалуу

https://kyrgyzcha.site/?p=50849&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Табигый азыктар сулуулукта канчалык пайдалуу

 

 

 

Айран

 

Айран чачты бекем кылат жана жалтыратат. Беттин терисин азыктандырып, нымдаштырат жана бырыштар менен активдүү күрөшөт. Айранды Германияда азыктандыруучу бет майлардын курамына кошушат. Жумасына бир жолу чачты шампунь менен жуурдан мурда бир стакан айран сүйкөсөңүз, чачыңыз көп түшпөй, кургап кетпейт. Бетке да жумасына бир жолу 50 мл айран менен 1 жумуртканын сарысын аралаштырып сүйкөп, 10-15 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууп салсаңыз, териңиз жылмакай болуп, азыктанат.

 

Сүзмө

 

Сүзмө бетти күн нурунун терс таасиринен сактайт. Илгери апалар жерге көмүлгөн сүзмө менен бетине маска жасашкан. Ал беттен күндүн табын алуу менен бирге бетти агартат. Бул үчүн бир ууч сүзмөнү чүпүрөккө ороп, эртең менен дарактын түбүн 30-40 см казып, ошол жерге көмүп коёсуз. Күндүн аптабына күйүп, бетиңиз ысып келгенде көмүлгөн сүзмөнү казып алып бетиңизге калың кылып маска жабасыз. 10 мүнөттөн кийин колуңузду суулап бетиңиздеги сүзмөнү аарчысаңыз, аны менен кошо чаңдар да чыгат. Беттеги тактардан арылуу үчүн сүзмөгө майда тууралган укропту кошуп маска жасаса болот.

 

Талкан

 

Талкандан жасалган маска терини тазалайт, беттин өңүн ачат жана керектүү заттар, минералдар менен азыктандырат. Ошондой эле безеткилерди жок кылат. Ал үчүн бирдей өлчөмдөгү талкан менен жашыл ылайды аралаштырып, ага бир аз суу, бир нече тамчы розмаринден кошуп бетке сүйкөйсүз. 8-12 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууп саласыз.

 

Сары май

 

Бул азык бырыштын алдын алат, теринин кургашына жол бербейт жана чачтагы какачтан арылтат. Күнгө күйгөн учурда териге сары май сүйкөсө тери дүүлүкпөйт. Күн сайын кечинде колду, бутту жууп, сары май сүйкөп, байпак кийип жатса, эртең менен назик, жумшак болуп калат. Кургак чачтар үчүн жана чачтын түшүүсүнө каршы төмөнкү масканы жасаса болот: сүт, зайтун майы жана сары майдан бир чай кашыктан аралаштырып чачтын түбүнө сүйкөйсүз да, чачты жакшылап тарайсыз. Андан соң жүз аарчыга 5-6 тамчы эфир майынан тамчылатып башыңызга ороп аласыз. 15-20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз.

 

Кымыз

 

Кымыз чачты бекем кылат, бат өстүрөт жана какачын жок кылат. Ошондой эле боёлгон чачтар үчүн ылайыктуу. Алсыз чачтарды калыбына келтирүү менен эркектердин таз болуп калышынын алдын алат.

 

Чач үчүн маска. 1 стакан кымызды 1 чай кашык бал, 1 жумуртканын сарысы менен аралаштырып чачтын түбүнөн учуна чейин сүйкөйсүз да, башыңызга жоолук салып аласыз. 20 мүнөттөн соң бир стакан кымызга бир стакан суу кошуп туруп масканы жууп саласыз. Жыты калып калбашы үчүн шампунь менен да жууйсуз.

 

Арыктоо үчүн. Тамактанардан мурда бир стакан кымыз ичүү менен ашыкча салмактан арылса болот. Анткени кымыз токтукту камсыз кылат жана организмдин кургап кетүүсүнө жол бербейт.

 

Бет үчүн маска. Блендерде майдаланган петрушка же бадыраңды бирдей өлчөмдөгү кымыз менен аралаштырып бетке сүйкөйсүз да, жарым сааттан кийин жылуу суу менен жууп саласыз. Бул маска бетти агартат.

 

Каймак

 

Каймак жаштыкты сактайт. Жабыркаган чачтарды калыбына келтирет жана терини азыктандырат. Аны териге скраб катары колдонсо да болот. Ваннага ар кандай эфир майлары менен аралаштырып кошсо, дене эс алып, жашара түшөт.

 

Тери үчүн маска. 3 аш кашык каймакты бир чай кашык бал жана жарым лимондун майдаланган кабыгы менен аралаштырып териге сүйкөйсүз да, 20 мүнөттөн соң жууп саласыз.

 

Чач үчүн маска. Бирдей өлчөмдөгү каймак менен өсүмдүк майын (кастор же зайтун майы) аралаштырып нымдалган чачка түбүнө чейин сүйкөйсүз. 20 мүнөттөн соң шампунь менен жууп саласыз.

 

Сары суу

 

Сары суунун курамындагы негизги элемент – суу, калганы – азыктандыруучу микроэлементтер. Ал картаюуну жайлатат, терини тазалайт, кара чекиттерди, майда тешиктерди жана сепкилди жок кылат. Бул азык азыркы заманбап косметикалык каражаттардын курамында да кездешет. Өзгөчө 30 жаштан ашкан айымдарга сунушталат. Эртең менен жана кечинде бетти кадимки суунун ордуна айрандын сары суусунун музу менен тазалаган жакшы.

 

Бет үчүн маска. 3 аш кашык 20%дуу майлуулуктагы быштак менен 3 аш кашык сары сууну аралаштырып териге сүйкөйсүз да, 10 мүнөттөн кийин жылуу көк чай менен жууп саласыз. Бул маска бетти агартат жана сепкилди жок кылат.

 

Тырмак үчүн ванна. 250 мл жылуу сары сууга 2-3 тамчы эфир майынан тамчылатып колуңузду 10 мүнөт салып отурасыз. Бул ыкма тырмакты бекем кылат.

 

Быштак

 

Бул азыкты бетке, денеге, моюнга, колго жана чачка маска катары колдонсо жакшы натыйжа берет. Ал бардык типтеги териге сунушталат. Терини жумшартып, тазалоо менен бирге эч кандай дүүлүгүүнү жаратпайт.Бет үчүн маска. Майсыз быштак менен каймакты аралаштырып бетке 20 мүнөт коёсуз да, самын менен жууп саласыз. Бул маска терини нымдаштырып, беттеги бардык кемчиликтерден тазалайт.

 

Чач үчүн маска. 2 аш кашык быштак менен бир аш кашык жемиш пюресин (мисалы, банан, алма) аралаштырып чачка сүйкөп, 20-30 мүнөттөн кийин шампунь менен жууп саласыз. Бул маска чачтын түптөрүн бекемдейт.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE