Пример HTML-страницы

Төмөндөгү 6 нерсени балага атасы гана бере алат.

https://kyrgyzcha.site/?p=48827&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Төмөндөгү 6 нерсени балага атасы гана бере алат.

Баланын толук кандуу өсүп-чоңоюусуна, өнүгүүсү менен калыпташуусуна атанын ролу өтө маанилүү. Ошондуктан психологдор бул 6 нерсени балага аталары гана бере алаарын айтышат:

 

Аталар апасы сыяктуу бала менен балача «эркелешип» сүйлөшкөндү жактырышпайт. Атасынан кадимки «чоңдордун» сөзүн угуп өскөн баланын сүйлөшүү адеби жакшы өнүгөт.

 

 

2. Ата апалар сыяктуу көп эркелетпей, өпкөндөн көрө бала менен (асманга ыргытуу, күрөшүү, боксташуу жана башка ушул сыяктуу) оюндарды ойногонду жактырышат. Бул оюндар баланын сезүү, угуу, көрүү сезимдерин өнүктүрөт.

 

3. Атанын психологиясы «мен жигитмин», «менин колумдан келет» дегенди үйрөтүүгө калыптанган.

 

4. Ата балага эркиндикти, көз карансыздыкты үйрөтөт. Ал үчүн бала менен жакын карым-катнашта болсо жетиштүү.

 

5. Үй-бүлөдө атанын башкы адам экенин көрүп өскөн бала келечектеги үй-бүлөсүндө да башкы адам боло билет, коомго, чөйрөгө көнүп кетүү оңой болот.

 

6. Уулду – ата, кызды – жалаң гана эне тарбиялаш керек деген пикир туура эмес болот. Кыз бала кичинекейинин тартып атасына карап өсөт. Болочок жолдошун да атасындай болгонун каалайт. Тактап айтканда, ата кызына кандай мамиле жасаса, кыз да болочок жарынан ошондой мамилени жасашын күтөт деген сөз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE