Пример HTML-страницы

Суутек перекиси

https://kyrgyzcha.site/?p=44068&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Суутек перекиси

 

Бөлмөдөгү гүлдөрдүн жалбырактарын суутек перекиси менен сүртсөңүз, жалбырактарына кошумча кислород берет. Эгерде жашылчалардан жасаган салатыңыз кургап кетип, жакшынакай көрүнүшүн жоготуп койсо, аны суутек перекиси менен аралаштырган соң муздаткычка 15-20 мүнөт коюп коюңуз. Ошондо кайра жакшынакай болуп жаңы көрүнүп калат. Бир аш кашык суутек перекиси кошулган бир литр суу менен жуулган жашылча-жемиштердеги микробдордун баары өлүп, жегенге коркунучсуз болуп калат. Кокус тиш жуучу щёткаңыз менен башка бирөө тишин жууп койсо, тазалоо үчүн бир стакан сууга азыраак суутек перекисин кошуп, ага щётканы жууңуз. Узак убакыт колдонулган суюк самын менен шампунда бара-бара микробдор пайда болот. Аларды жок кылуу үчүн суюк самын менен шампунга суутек перекисин кошуп коюңуз.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE