Сулуулукка керектүү жаңы каражатар
Сулуулук салондоруна кезекке туруу жана ага убакыт коротуп баруу менен кымбат процедуралардын эми кереги жок. Анткени сиздин сулуулугуңузду камсыздоочу жаңы каражаттар чыккан.
Жалкоолор үчүн тырмак жасалга
– Даяр жасалга өз ичине ар кандай форма жана гүлдөрдү, оюу-чийүүлөрдү камтыйт. Эгер сиз тырмактын учун гана жасалгалоону кааласаңыз, анда негизги өңдү берүүчү лак, каалоңузга жараша даярдалган тырмак учуна жабыштыргыч жана өңсүз лак керектелет. Мындан тышкары бардык колду атайын даярдалган кооз жабыштыргычтар менен жасалгалоо үчүн термо жабыштыргычтар керектелет. Баасы 50-100 сомго чейин.
Беттин тешиктериндеги кирлерди тазалоочу щётка
Бул щётканы алуу менен косметологго барууну кезек күтүүнү унутасыз. Аны кырындагы баскычтары аркылуу башкарууга болот. Себеби мурундун үстү жаначекени жууй турган щёткасы бөлөк. Ал эми беттин калган бөлүгүн башка щёткасы менен жууйт. Эки кызматты аткарган бул щётка бетти укалоо менен толук тазалайт. Ал үчүн бетти жуучу каражатты нымдуу бетке сүйкөп, андан соң щётканын жардамы менен тазалап салыңыз. Ал бетти тазалап гана койбостон, пайда болгон кара чекитчелерди дагы кетирет. Баасы 1200дөн 1800 сомго чейин.
Эринге өң берүүчү тинт
Помада сыяктуу эринге керектүү өңдүү берүүчү бул сулуулук каражатынын жакшы жагы — тез эле өчүп калбайт. Бирок помадага окшоп жылтылдабайт. Канча тамак ичсеңиз же эриниңизди жууп салсаңыз дагы өчпөй 3-4 күнгө чейин тура берет. Себеби анын курамындагы кичинекей молекулалар эриндин үстүңкү катмарындагы эпидермиске жармашып узак убакыт сакталат. Тинт суюк помадага окшош болот.
Эки тарабы тең клейленген сурма чыгаргыч
– Сулуулук каражаттарын сатуучулар эки жагы бирдей клейленген сурма чыгаргычка суроо-талап жогору экенин айтышат. Бир кагазда 44 даана сурма чыгаргыч бар. Анын бирин алып каалооңузга карап чоң же кичине сурма чыгарып алсаңыз болот. Ал үчүн бир сурма чыгаргычты сыртындагы каптамасынан сыйрып көзүңүздүн үстүнө сурма чыгаруучу жерге жармаштырасыз. Катуу жармашкан соң аны атайын башы тырмооч сымал ийилген кыпчуурдун жардамы менен сурманы жармашып турган жерине түртүп киргизесиз. “Көзүм шишип калды” деп кайгырбай кете берсеңиз болот. Бирок кечинде сурма чыгаргычты алып салыңыз. Эскертүү: аны бир эле жолу колдонууга болот. Аталган сурма чыгаргычты дайыма колдонгондо көздүн үстүнө сурма эмес, тоголок шишикчени пайда кылып, ал көздүн үстүн жаап калат. Баасы 250 сом.

Кара чекиттерди тазалоочу жабыштыргыч
– Дайыма тоналдык бет майды колдонуп, бирок аны жатарда өчүрүп жүрбөгөндөрдүн мурдунун үстүндө тешикчелер пайда болуп, ал тешикчелерге капкара кирлер толуп калат. Аны мурун сулуулук салондоруна барып тазалаткан болсоңуз, эми үй шартында өзүңүз тазалай берсеңиз болот. Ал үчүн мурундун үстүндөгү кара чекиттей болгон кирлерди тазалоочу жабыштыргычты алып, бетти скраб менен тазалап алган соң мурундун үстүнө жабыштырып 10-15 мүнөт кармайсыз. Ал капкара болгон кирлерди тазалап гана чектелбестен, ашыкча майларды жок кылып, терини жылмакай кылып коёт. Өтө кургап кеткиче кармабоо зарыл. Себеби аны тартып чыгарганда терини кошо сыйрып кетиши ыкмымал. Жумасына бир жолу колдонуу керек. Баасы 250-300 сом.

Химиялык күйгүзүү жолу аркылуу чачты түздөө
Чач 95 пайыз кератинден турат. Ал кератиндин курамына жараша чач буралып, тармал болуп турат. Тиогликоль кычкылы бурала берген чачты түздөгөндүктөн адистер аталган кычкыл аркылуу кератинди күйгүзүү менен чачтарды 3 жана 6 айга чейин түздөйт. Чачты күйгүзүү аркылуу түздөгөндө этиеттикти талап кылбаса, чачтын сапаты бузулат. Баасы 1700 сомдон башталып чачтын узундугуна карата акчасы жогорулай берет.

Клей жана атайын сурма чыгаргыч кыпчуур
– Атайын даярдалган косметикалык клейдин жардамы менен сурма чыгарууга болот. Алгач сурма чыгара турган жерди кыпчуур менен белгилеп алуу керек. Андан соң ошол белгиленген жерге клейди сүйкөп, ал теринин өңүнө окшошуп катып калгыча күтө туруу зарыл. Бул көрүнүштү 2-3 жолу кайталоо керек.


















































