Пример HTML-страницы

Сулуулук үчүн анча кымбат эмес даарыканадагы каражаттар

https://kyrgyzcha.site/?p=53470&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Сулуулук үчүн анча кымбат эмес даарыканадагы каражаттар

 

Даарыканада сулуулук үчүн керектүү гениалдуу каражаттар сатылат, аларды арзыбыган баага сатып алсаңыз болот. Болгону, ал арзан болгондуктан көрүнүктүү текчелерде жатканын көрө албайсыз!

Төмөндө чачты көркүнө чыгаруу үчүн керектүү болгон каражаттарды санап көрөлү.

1. Сульсен пастасы – какачка каршы, алдын алуучу каражат катары колдонсо болот. Ошондой эле, бул паста чачты азыктандырып, өсүүсүнө өбөлгө түзөт.

2. Лаванданын эфир майы – бир нече тамчысын чачка сүрткөн конционерге кошуп койсоңуз, чачыңыз бир канча убакытка чейин кирдебей жүрөт.

3. Репевит. Курамында чөптөрдүн экстрактты жана майлар болгондуктан, баш терини жылмакай кылып, чачтын өсүүсүн жакшыртып, бекемдейт.

 

4. А жана Е май витаминдерин, лимондун ширесин жана дарыканадан сатып келген Димексид препаратын кошуп, чачты бат өстүрүүчү маска жасасаңыз болот. Баарын 2 чай кашыктан алып, аралаштырасыз, башка сүрткөндөн кийин чачты полиэтилен менен ороп коюңуз. Чач абдан бат өсөт, болгону бир аз тызылдатат, бирок ага чыдап койсо болот.

5. Чычырканактын майы менен маска жасаңаз

Эгер чачыңыз түшүп жатса, чычырканактын майына 1-2 тамчы шампунь кошуп, ысытып, чачтын түбүнө сүртүп чыгыңыз. Сыртынан пленка жана чачык менен ороп коюңуз. 1-2 саат кармап туруп, анын жууп салыңыз.

Эгер чачыңыздын тездик менен өсүүсүн кааласаңыз, жумасына 2 жолу ысык чычырканактын майына 1 чай кашык Димексид кошуп, чачыңызга маска жасаңыз. Димексид – бул теринин сыртынан пайдалануучу препарат, ал дарыларга жана витаминдерге теринин алдына терең кирип, клеткалык деңгээлде таасир этишине жардам берет. Чычырканактын майы өзү эле чачты өстүрөт, ал эми андан аралашма жасаса, чач айына 3-4 см өсөт! Эгер чачыңыз майланышып баратканын байкасаңыз, анда маска жасап бүткөндөн кийин, алма уксусуна тең барабар суу кошуп туруп, чачыңызды чайкап коюңуз.

6. Чач үчүн дагы бир маска – 2 аш кашык коньяк, 1 аш кашык бал, жумуртканын сарысын, уйгактын майын кошуп жасайсыз. Аны чачка сүткөндөн кийин, 30 мүнөт баш кийим алдында кармайсыз. Чачыңыз түшпөй, жылтырап калат. Артынан кайнатылган чалкан же ромашка менен чайкап коюңуз.

7. Калемпирдин тундурмасын дагы чачты бекемдөөчө каражат катары колдонсо болот. Кастор майы (уйгактын майы деле жарай берет) менен теңме тең кошуп, аралаштырып алыш керек. Чачтын түбүнө сүртүп, башыңызга бир аз массаж жасайсыз. Андан соң полиэтилен жана чачык менен ороп, жарым саат коюп туруп, жулуу суу менен шампундап жууп саласыз.

Ачуу калемпир кан айланууну тездетип, кастор майынын таасирин күчөтөт. Өзгөчө чачтын түшүүсүнө жардам берет. Жумасына бир жолу колдонсоңыз болот

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE