Пример HTML-страницы

Сокулуктун Саз айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айыл аймагындагы Саз айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт ишке берилди. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Жеңишбек Эдигеев билдирди.

Маалыматка караганда, ФАПтын курулушу 2 жылдан бери жүрүп келе жаткан.

Ачылыш аземине Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ильяз Ташкулов, айыл аксакалдары, Сокулук айылдык кеңешинин депутаттары, мектеп жана бала бакча мүдүрлөрү катышты.

АРИС долбоору тарабынан ФАПтын жаңы имараты курулган. Айыл өкмөт тарабынан 300 миң сомго чукул каражат бөлүнгөн. Кеткен чыгым жалпысынан 3 млн сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE