Пример HTML-страницы

Сарымсак – саламаттыктын сакчысы

https://kyrgyzcha.site/?p=54190&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Сарымсак – саламаттыктын сакчысы

 

Сарымсактын касиетинин күчтүүлүгү байыртан белгилүү – бул жөнөкөй дарыны миң жылдар мурун эле колдонушкан. Сарымсак көптөгөн ооруларга даба болгондон сырткары териге да зор таасирин тийгизип, картаюу процессин жайлатуучу касиетке ээ.

 

Сарымсактын курамы:

 

– Натрий

 

– калий

 

– кальций

 

– магний

 

– кремний

 

– фосфор кислотасы

 

– С, Д, В витаминдери

 

– эфир майы жана башка 400дөн ашуун ар кандай пайдалуу кошулмалар.

 

 

 

Дарылык касиеттери

 

– Ашказан-ичеги ооруларына даба

 

– заара кубалоочу касиетке ээ

 

– жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат

 

– артериалдык кан басымды түшүрөт

 

– ооруну басат

 

– жараатты айыктырат

 

– микробдорго каршы турат

 

– холестеринди түшүрөт

 

– канды суюлтат

 

– суук тийүүдөн сактайт

 

– иммунитетти көтөрөт

 

– авитаминозго ж.б. ооруларга эң жакшы дары.

 

Тиш ооруганда: сарымсактын бир тишчесин узунунан кесип, ооруган тишиңизге коюп коюңуз. 15-20 мүнөттөн кийин тишиңиздин оорусу басаңдайт.

 

Ангинада, мурун бүтүүдө жана көк жө­төлдө: Бир нече тишче сарымсакты майдалап, бир күндө бир нече жолу жыттаңыз. Жөн гана искеп койбой, анын жыты менен дем алуу сунуш кылынат.

 

Ангинада: 2 тишче сарымсакты майдалап туурап, 1 стакан кайнатылган жылуу сууну үстүнө куясыз. 1 саат демдеп коёсуз да, андан соң тундуруп алып, маңызы менен тамагыңызды чайкасаңыз эң жакшы натыйжа берет.

 

Жөтөлдө: 1 чай кашык сарымсактын ширесин 1 стакан жылуу сүткө аралаштырып, бир күндө эки маал ичиңиз.

 

Сасык тумоонун алдын алууда: сарымсакты жанчып, бир кабат марляга ороп мурунуңуздун үстүнө коюңуз.

 

Канды жашартууда, уйкусуздуктан арылууда: 350 г сарымсакты жанчып, 24 даана лимондун ширесин сыгып аласыз. Экөөнү аралаштырып банкага куюп, оозун марля менен жаап байлайсыз да, 24 саат тыныктырып коёсуз. Колдоноордо аралаштырасыз. Күн сайын жатаардын алдында 1 чай кашык аралашманы жарым стакан сууга кошуп ичесиз.

 

Ашказанды тазалоодо: бөтөл­көнүн үчтөн бир бөлүгүн тууралган сарымсак менен толтурасыз. Үстүнө бөтөлкөнү толтуруп арак же 50-60 пайыздуу спирт куюп, жылуу жерге 14 күн коюп коёсуз. Күн сайын чайкап туруу керек. 5 тамчы маңызды 1 чай кашык муздак сууга кошуп, тамакка чейин бир күндө үч маал ичесиз.

 

Кабарууда: Бут кийим өйкөгөндө же дагы башка себептер менен бут, кол кабарганда сарымсак жардамга келет. Ал үчүн: 3-4 баш сарымсак, 5 чоң кашык сүт, алоэнин ширеси, бир нече бака жалбырак керектелет. Сарымсакты тазалап, майда кыргычтан өткөрөсүз. Бака жалбыракты жанчып, сарымсакка аралаштырасыз. Ага кайнаган сүттү жана алоэнин ширесин кошосуз. Пайда болгон аралашмага пахтаны чылап алып, кабарган жериңизге сүртөсүз.

 

Герпесте: Эринге чыккан жараны айыктырууда бир тишче сарымсакты майдалап туурап, ширесин жарага сүйкөңүз. Эриниңиз ачышат, бирок, жара кургап, тез айыгат. Мындан тышкары, сарымсактын ширеси жарага инфекциянын түшүшүнөн сактайт.

 

 

 

Сарымсак косметологияда

 

Безеткиден арылууда: 1 жумуртканын агына 1 чай кашык бал, 1 чай кашык сабиздин ширесин жана 1 тишче сарымсактын ширесин кошуп аралаштырып, бетиңизге маска кылып жабасыз.

 

Чач түшкөндө: Сарымсак кы­лымдардан бери чачтын түшүшүнө каршы табигый каражат катары колдонулуп келет. Жатаарда сарымсакты жанчып, башыңыздын терисине сүртүңүз да, шапке кийип жатып алыңыз. Эртең менен жууп салыңыз.

 

 

 

Сарымсак тууралуу сиз билбеген 10 факт

 

— Ортосунан бөлүнүп калган фарфорду жармаштыруу үчүн клей катары сарымсактын ширеси менен жумуртканын агынын же балдын (1:1) аралашмасын колдонушкан.

 

— Сарымсак жеген соң ооздогу жагымсыз жытты кетирүү үчүн лимондун кесимин же петрушканын сабагын чайноого болот. Ошондой эле ооз көңдөйдү сүт менен чайкоо да жардам берет.

 

— Териде пайда болгон сарымсактан калган кызыл такты вазелин же май менен кетирүүгө болот.

 

— Байыркы орус летописинде славяндар пиво куюлган идишке сарымсак салып коюшаары жазылган.

 

Сарымсак жөнүндө Байыркы Египетте папируска жазылган “Дененин бардык бөлүгү үчүн даярдалган дары жөнүндөгү китеп” аттуу чыгармада сөз болгон.

 

— Хеопс пирамидасынын курулушунда иштеген жумушчуларга ден соолугун жана ишке болгон жөндөмдүүлүгүн сактоо үчүн сарымсак, пияз жана түрп берип турушкан.

 

— Тутанхамон фараонунун сөөгү жаткан табыттан сарымсак табылган.

 

— Еврей калкы дары катары сарымсакты өтө кеңири колдонушкан. Ар бир үйдүн терезеси менен эшигинен сарымсак менен пияздан тизилген шурунун илинип турганын көрүүгө болоор эле.

 

— Римдик жоокерлер салгылашууга жөнөөр алдында сарымсак чайнап алышкан. Бул жеңишке болгон кандайдыр бир ишенимди жараткан.

 

— 1721-жылы Франциядагы Марсель шаарында эпидемия жүрүп, массалык түрдөгү кыргын болот. Аларды жерге көмүүнү өлүм жазасын алган кылмышкерлерге буйрушат. Анткени, кылмышкерлер баары бир өлүшү керек эле. Бирок, алар жашап кетишет. Көрсө, сарымсактын күчү кылмышкерлерди өлүмдөн сактап калыптыр. Күчтүү ак виного сарымсакты жана бир нече жыттуу чөптөрдү чылап, “жумушка” чыгаар алдында бул суюктукту кийимдерине чачыратып, аны менен беттерин жууп алышчу экен. Сарымсак менен чөптөр чуманы жуктуруучу чымын-чиркейлерди качырып, натыйжада, кылмышкерлерге эч кандай оору жуккан эмес. Бул сырды айтышканда бийлик алардын күнөөлөрүн кечирген.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE