Пример HTML-страницы

Памперстин зыяны жана пайдасы

https://kyrgyzcha.site/?p=54181&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Памперстин зыяны жана пайдасы

 

 

Памперс – энелер үчүн ыңгайлуу буюм. Түндө туруп баланын алдын улам кургактабайсың, бир жакка чыкканда да жалаяктарды додо кылып алып жүрбөйсүң. Бирок ошол оңой колдонулуучу буюмдун зыяны жокпу? Ушул тууралуу сөз козгойлу. ПАМПЕРСТИ КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ Памперс – адамды кир жуугандан жана үтүктөөдөн куткарчу буюм. Андыктан ата-эне балага көбүрөөк көңүл бура алат. Бирок бардык учурда эле ата- эне цивилизациянын бул жетишкендигин туура колдоно бербейт. Ымыркайга биринчи ирет памперс кийгизгенден соң сөзсүз түрдө терисинде кызаруу жокпу, текшерүү кажет. Эгер кызаруу билинсе, анда башка маркадагы памперске алмаштыруу керек. Памперс – сейилдөөдө, бейтапканага каттоодо алмаштыргыс буюм. Болгону, аны бир күндө 4-6 саат гана кийгизүүгө болот. Памперсти алгандан кийин, бала жылаңач жата турушу керек. Бул баланын жука чурайы “аба жутушу” үчүн зарыл. Анан кийин баланын алаасын нымдандыруучу крем менен майлап коюу туура. Оң жактары: Нымды соруу менен баланын териси үчүн жайлуулукту түзүп берет. Колдонууда жеңил. Терс жактары: Зааранын заматта сорулуп кетиши баланын заара кылуу процессин сезбей калуусуна жеткирет. Башкача айтканда, рефлекс иштелип чыкпай калат. Дал ошондуктан дайыма памперс менен жүргөн бала горшокко өз алдынча заара ушатууну көп убакытка дейре үйрөнө албайт. Дайыма памперс менен жүргөн бала заарасын кармап турууну, токтотуп калууну таптакыр билбей калат. Бул акырындап энурезге (зааранын токтобой калышы) алып келиши мүмкүн. Окумуштуулардын айтуусунда, памперсти көп колдонуу уул балдарды кийин тукумсуздукка алып келиши ыктымал. Анткени памперстин жука чурайды ысытуучу таасири бар. Демек, баланын умасы (урук калтасы) да ысыйт. Бул анын ичиндеги жумуртканын нормалдуу өсүшүнө зыян тийгизет. Ошентип, кийин бала тукумсуз болуп калышы мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE