Пример HTML-страницы

ОшТУ менен Кастамону университетинин окумуштуулары илимий изилдөөлөрдү бирге ишке ашырат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш технологиялык университети Түркия Республикасындагы жогорку окуу жайлар менен кызматташуусун жандандырды.

Окуу жайдын маалыматы боюнча, бул багытта ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев жетектеген делегация Түркия Республикасындагы Кастамону университетинде болду. Делегацияны Кастамону университетинин ректору, профессор Ахмед Хамди Топал жана аталган университитеттин жетекчилик курамы кабыл алды, ар тараптуу кызматташууну талкуулашты.

ОшТУ менен Түркиядагы Кастамону университети өнөктөш окуу жай катары Эразмус+ програмасынын эл аралык кредиттик мобилдүүлүк долбоорунун алкагында жогорку кесиптик билим берүү, академиялык мобилдүүлүктү экономика, бизнести башкаруу, логистика багыттары боюнча 2027-жылга чейинки аралыкта ишке ашыруу боюнча мекемелер аралык келишимге кол коюшту.

Мындан сырткары билим берүү, илим чөйрөсүндө кызматташуу максатында эл аралык кызматташуу келишимине кол коюшту.

  • Кастамону университетинде 27000 студент окуп, 800гө жакын профессордук-окутуучулук курам эмгектенет.

Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев жетектеген делегация Кастамону университетинин борбордук илимий лабороториясында болду.

Эки университеттин ортосунда түзүлгөн эл аралык келишимге ылайык, эки университеттин окумуштуулары биргеликте дары чөптөрдүн химиялык компоненттерин, микро жана макро элементтерин, нано бөлүкчөлөрүн, ген деңгээлин эл аралык нормаларга жана стандарттарга ылайык заманбап жабдуулардын жардамы менен анализдөө, изилдөө иштерин жүргүзүшөт.

«Бул изилдөөлөр магистранттарга, аспиранттарга, докторанттарга изилдөөлөрдү жүргүзүүдө чоң мүмкүндүк берет. Фармакологиялык жана кайра иштетүү өндүрүшүнө практикалык сунуштарды берүүнү максат кылышты жана бул макулдашуу токтоп калбоосу үчүн жумушчу топ түзүштү.

Бул сапарда Кыргызстандын жайлоолорундагы гүлдүү чөптөрдөн топтолгон тоо балын анализдөө боюнча илимий лабораторияга беришти. Бул анализдин жыйынтыктары кыргыз балчылары жана ушул багыттагы окумуштуулар үчүн маанилүү», — деп айтылат окуу жайдын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE