Организмге кайсы витамин жетишсиз экенин кантип билсе болот?
Чың-ден соолук бул – адамдын жаркылдаган жүзү. Эгерде келбетиңиз келишимдүү болуп турса, мунун өзү чоң жетишкендик. Бул жетишкендиктерге жетүү үчүн организмди керектүү витаминдер менен камсыздап туруу зарыл. Кандай учурда кайсы витаминдер керектелет? Бул суроого төмөнкү макаладан толук жооп алсаңыз болот.
Теринин кургашы
Эгерде териңиз кургап, түлөп жатса, анда сиздин организмиңизде E витамнини жетишсиз. Мындайда кадимки жаңгак, майлуу балык жана өсүмдүк майы кошулган тамактар жардамга келет.
Чач жана тырмактын морттугу (сынып калуусу)
Организмдеги В витамини жана кальцийдин жетишсиздиги чач менен тырмакты морт кылат. Тырнак ийилчек болуп сынат, ал эми чачтын сымбаттуулугу жоголуп, түшө баштайт.
Тиштин канап кетүүсү
С витаминин жетишсиздигинен улам тиш канайт. Аны алдын алуу үчүн пиязды, сарымсакты жана мөмө-жемиштерди көбүрөөк жеш керек.
Уйкунун качуусу жана кыжырлануу
Организмде калий жана магнийдин азайып кетүүсүнөн улам, адамдын уйкусу качып, ачуулуу болуп калат. андыктан организмди аталган заттар менен толуктаңыз. Алар өрүк какта жана кызылчада бар.
Чыканакатын бүдүрөп кетиши
Организмдеги С жана А витаминдеринин жетишсиздиги чыканактын терисинин бүдүрөп кетишине алып келет. Бул витаминдер кызыл-саргылт түстөгү бардык мөмө-жемиштерде бар. Мисалы: сабиз, ашкабак, помидор, өрүк жана данексиз өрүк кактарда бар.
Эгерде ар дайым туздуу нерселерди жегиңиз келсе…
Туздуу тамак-аштарды талап кылган организмде сөзсуз кандайдыр бир инфекция болот. же болбосо табарсыктын сезгенишинен улам адам туздуу нерселерге ыктайт.
Таттууларды жегиңиз келсе…
Эгерде канчалык көп жесеңиз дагы таттууларды кайра самай бере турган болсоңуз анда сөзсүз глюкоза алып ичишиңиз керек болот. Таттууну көп жегенден ичеги-карын жаюыркашы мүмкүн, андыкан маал маалы менен азыраак бал менен ачуу шоколад жеп койгонуңуз оң.
Кычкыл жегиңиз келсе…
Организмде өт жана боордун ылдам иштөөсү дайыма кычкыл тамак-аштарды кабыл алууну талап кылат. Андыктан күнүмдүк рационуңузга лимон менен клюкваны (түндүк тарапта жазда өсө турган кызыл жемиштүү өсүмдүк) кошуп койсоңуз пайдасы зор болот.
Ачуу жегиңиз келсе…
Ичеги-карындын иштешинин бузулушу, адамдын ачуу тамак-аштарды жешине түрткү болот. Мындайда күнүнө 1литрден ашык суу ичип, организмди тазалап алуу кажет.
Деңиз тамак-аштарын жегиңиз келсе…
Дайыма деңиз тамак-аштарына тамшансаңыз, анда сиздин организмиңизге йод жетишпейт!
Ден соолукта болунуздар.