Пример HTML-страницы

Өмүр тууралуу жети акыйкат.

https://kyrgyzcha.site/?p=54145&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Өмүр тууралуу жети акыйкат.

 

1.Эч кимди сөгүп, жанын кейитип, күнөөлөбө. Өмүрдө сүйлөй албаган адамдар да бар..

 

2.Тамактын даамына сын айтпа. Ичээрге аш таппай отурган адамдар бар..

 

3. Жан жарыңа жөнсүз кейибе. Кечээ бирөө жубайынан айрылган болуу мүмкүн…

 

4. Үйүм тар деп көңүлүң түшпөсүн. Бирөөнүн башында ошол да жок…

 

5. Уул-кыздарыңдан чарчадым дебе. Бала сүйө албаган,балага жете албаган адамдар бар…

 

6. Жумушум оор деп даттанба. Кээ бир адамдарда ал да жок…

 

7.Өз өмүрүңдү каргап, түңүлбө. Айыкпас дартка чалдыгып, төшөккө таңылган жандар да аз эмес…

 

Өмүр — бул сый. Аны бекерге таарыныч менен өткөзбө.

Колдо барда, барыңды баалай бил!

 

 

Эмне кымбат?

 

Мен үчүн уйку деле кымбат эмес,

Түбөлүк уктап жатчу күн да келет,

Мен үчүн дүйнө деле кымбат эмес,

Бир тал ширеңкеден күйүп кетет,

Мен үчүн кызмат деле кымбат эмес,

Жашыраак бирөө келсе алып кетет,

Менин үчүн уулум деле кымбат эмес,

Үйлөнсө аял сөзүн сүйлөп кетет,

Мен үчүн кызым деле кымбат эмес,

Чоңоюп бойго жетсе бөлөк жерди жердеп кетет,

Мен үчүн өмүр деле кымбат эмес,

Күн өтүп ажал келсе алып кетет,

Мен үчүн негизинен көңүл кымбат,

Кичинекей суук сөзгө үшүп кетет.

***

Адамды олгондон сон «»мыкты»» дейбиз,

«»Аттин ай, ажал кайдан чыкты?»» дейбиз.

Жараткан, кайра тирилт жарым саатка,

Жалбарган унубузду укчу!»» -дейбиз.

 

Жаныбызда жургондо карадыкпы,

«»Жан эле бул кандай»» деп бааладыкпы?

Жан дуйносу жабыркай кутту балким,

Жарты ооз жакшы созго жарадыкпы?

 

«»Акылдуу болбочу сен»» дебегиле,

Адамды аяр сактап, «»жебегиле»».

Ааламдан козу откондор артка кайтпайт,

Алтындан эстеликтин кереги не,..

 

Калтырбай конулдорду тируу кезде,

Кадырлашып жашасак колдон келсе.

Жакшы созду эмнеге аяйбыз биз,

Жараткан суйлогонго жондом берсе?

🌸 🌸 🌸 🌸 🌸

 

Карачы, канча күнүң артта калды.

Байлыктан, бактылуулук кимдер тапты?

Күнүмдүк көр оокатка азгырылып.

Канчасы, ыйманы жок көргө жатты.

🌸 🌸 🌸

Алданба убактылуу өмүрүңө.

Жашооңдуу байлап алба жүрөгүңө.

Унутуп, конок болуп келгениңди.

Дүйнөнү салып алба түнөгүңө.

🌸 🌸 🌸

Эстечи, бугуң батпай ыйлаганың.

Жан дүйнөң ыйманы жок кыйналганын.

Бул дүйнө кенен болуп турса дагы.

Кысылып эч жерине батпаганың.

🌸 🌸 🌸

Жашоонун аягына кимдер жетет.

Өмүрүң суудай болуп агып кетет.

Түшүнүп, ыйман жолун тапкан болсоң.

Ыйманың эки дүйнө пайда берет.

🌸 🌸 🌸

Жаштыгың кайрылбастан артта калат.

Сулуулук, бырыш болуп карып барат.

Түшүнүп, Жаратканды таанып алсаң.

Жан дүйнөң бактылуулук жолун табат.

 

🌸 🌸 🌸 🌸 🌸

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE