Пример HTML-страницы

Өлүмдөн башканын баарына даба болгон мусулман дарылары

https://kyrgyzcha.site/?p=44618&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Өлүмдөн башканын баарына даба болгон мусулман дарылары

 

 

 

 

Оорунун көп түрдүүлүгүнөн алардан айыгуу — учурдун эң көйгөйлүү темаларынын бири. Ага жараша баш айланткан дарылар чыгып, тилекке каршы, арасында эч кандай таасирин тийгизбегендери да жок эмес. Бирок мечиттердин айланасында сатылган табигый дарылардын көп ооруларга даба экендиги айтылып келет.

 

Хельба – дарылык касиетке бай беде сымал бир жылдык өсүмдүк. Хельба ар кайсы мамлекеттерде өзүнчө аталыштарга ээ: хильба, шамбала, пажитник, төө тикенеги, фенугрек, фенум-грек, грек чөбү ж.б. Ал Түштүк-Чыгыш Европа, Индия, Аргентина, Египет, Франция, Мароккодо өсүп, кычкыл даамга ээ.

 

Кандай ооруларга дары?

 

Ичеги оорулары: жара, гастрит, дизентерия, сайгылашуу, жел туруу

 

Бөйрөк оорулары, табарсыктын сезгенүүсү, боор, көк боор

 

Астма, бронхит, кургак учук

 

Стоматит, гингивит, тиш оорулары

 

Кан басым

 

Муундун сезгенүү оорулары

 

Остеохондроз

 

Аз кандуулук

 

Невр оорулары, депрессия

 

Табиттин жоголуусу

 

Жыныстык функциянын начарлашы

 

Тери оорулары: экзема, себорея, күйүк

 

Адамдын картаюсуна каршы

 

Чач түшүүдөн сактайт ж.б.

 

Колдонуу эрежеси: Бир аш кашык хельбага 0.5 литр кайнаган суу куюп, тиешелүү витаминдерди бөлүп чыгаруу үчүн үч саатка тыныктырып коюп, каалаган убакытта иче берсе болот.

 

 

 

 

Кара зире эл арасындагы синонимдери: кара кориандр, ниелле, мелансион, шониз, калинджи, криши джирак ж.б . Ал чополуу жана кумдак топурактуу жерлерде жакшы өскөндүктөн, Россия, Кавказ, Сибирь, Орто Азия, Сауд Аравия, Индия өлкөлөрүндө кенен жайылган.

 

Кандай ооруларга дары?

 

Онкологиялык

 

Геморрой

 

Тукумсуздук

 

Сасык тумоо

 

Импотенция

 

Боорду тазалайт, калыбына келтирет

 

Иммунитетти чыңдайт

 

Вирус, грибок, бактерияларды жок кылат

 

Ашыкча уулуу заттарды бөлүп чыгарып, арыктатат

 

Кан басымды түшүрөт

 

Бөйрөк, өттөгү ташты кетирет

 

Кулактын ириңдөөсү

 

Ревматизм, сөөк оорулары

 

Кант диабети ж.б.

 

Колдонуу эрежеси: Балдар үчүн: бир күндө бир маал, тамактануудан жарым саат өткөндөн кийин 0.5 чай кашыктан жылуу суусундук менен берилүүсү шарт.

 

Чоңдор үчүн: тамактануудан 20 мүнөт өткөндөн соң бир күндө эки маал бир чай кашыктан.

 

Бир курстун убагы 3-4 айга чейин узарып, арасында эки айлык тыныгуу менен коштолот.

 

 

 

Кыст аль-хинди – бийиктиги 1.5 метрди түзгөн тропикалык дарак. Кыстты арабдар бахри, кыргызчага которгондо “деңиз” деп да атап коюшат. Себеби алар деңиз бойлой Индиядан алып келишкен деп айтылат.Бирок бул өсүмдүктүн расмий аталышы –костус. Ал Пакистан, Индия, Кытай, Непал өлкөлөрүндө өсөт.

 

Кыст аль-хинди кандай ооруларга дары?

 

Калкан безинин өсүшү

 

Менструалдык циклдин бузулуусу

 

Тестостерон гормондордун бузулуусу

 

Жатын жана жыныстык мүчөнүн сезгенүүсү

 

Ооздогу жагымсыз жыт

 

Ооз көңдөйүндөгү рак

 

Жугуштуу ич өткөк

 

Лихорадка

 

Төрөттөн кийинки кандын көп келүүсү

 

Ичегидеги курттар

 

Диатез

 

Тромб

 

Эрозия

 

Сексуалдык умтулуунун азайышы

 

Колдонуу эрежеси: Майдаланган жарым чай кашык кыстты бир стакан жылуу суу менен бир күндө эки жолу ичүү керек. 2-3 жолку кабыл алуудан соң ооруңуздун түрүнө карап дозасын бир чай кашыкка чейин көбөйтүп ичүүгө болот. Кыст аль-хиндини кичинекей балаңызга да берсеңиз болот.

 

 

Булардан сырткары:

 

Сурьма- көздүн көрүүсүн жакшыртуучу каражат катары пайдаланылат. Ал порошок түрүндө, жалбыз жыттуу. Ал көздүн көрүүсүн гана жакшыртпастан, жаш жана чылпак аркылуу көздүн ичиндеги кирлерди алып чыгат. Аны көзгө жакындатканда эле көздөн жаш чыкканын байкоого болот. Сурьманы кечинде жатар алдында колдонуу сунушталат.

 

 

Тальбина аль-жузур- корица кошулган арпа ун. Жүрөк жана рак ооруларынын алдын алуучу, инфаркт, атеросклероз ооруларына каршы каражат катары пайдаланууга болот. Андан сырткары организмдеги холестеринди жөнгө салып, жүрөк кан басымын калыбына келтирип, бөйрөктөгү таштын пайда болуусунан коргоп турат. Бул каражаттан бир чоң кашык алып, анын үстүнө 200 мл жылуу сууну куясыз. Анан жай отко 10 мүнөт кайнатып, табитиңизге жараша сүт же шекер салып ичүүгө болот.

 

 

Сарымсак майы – жашартуучу, стресс, сасык тумоонун алдын алуучу, урологиялык ооруларга дары болуучу касиетке ээ. Сарымсак майын тамагыңызга, салатыңызга кошуп жесеңиз болот. Бир күндө 15 мл өлчөмдөн колдонуу талапка ылайык.

 

 

Анара Бектемирова, сатуучу:

 

– Мусулман дарылары көбүнчө Дубай, Египет, Пакистандан алынып келинет. Алардын өзгөчөлүгү — эч кандай химиялык кошулмалары жок, табигый жол менен жасалгандыгында. Ошондуктан көптөгөн ооруларга дары болуп, жакшы натыйжа болуп жатат. Бүгүнкү күндө Египет жана Пакистандан келген кара зире, Испаниянын зайтун майы, сарымсак майына суроо-талап көп. Сатып баштагандан бери кардарлардын 90 пайызынын оозунан ыраазычылык сөзүн эле угуп келе жатам.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE