Пример HTML-страницы

ӨФ, КАЙРАДАН МОЛОЧНИЦА…

https://kyrgyzcha.site/?p=44927&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ӨФ, КАЙРАДАН МОЛОЧНИЦА… Андан толук арылууга болобу?

Молочница же жатын кынынын кандидозу – айымдар арасында кеңири тараган оору түрү. Оорунун жаралышына кандай факторлор таасир берет жана кантип алдын алууга болот? Суроолорго «Мир здоровья» медициналык борборунун гинекологу Айпери Соурбекова жооп берет.

 

ООРУ ТУУРАЛУУ

 

Молочница же жатын кынынын кандидозун кандида тобундагы грибоктор козгойт. Булар таза жатын кынында да аз санда болуп, эч кандай ыңгайсыздык жаратпайт. Кайсы учурда ыңгайсыздык жаратат? Качан гана кандида грибоктору кандайдыр бир ички же сырткы факторлордун таасиринен улам көбөйгөн учурда жатындан бөлүнүп чыккан суюктук быштак сымал ак болуп, кычышуу, заара кылган учурда жана андан кийин оорутуу сезилет.

 

ДАРЫЛОО

 

Бул дартка айымдар гана эмес, эркектер да чалдыгышат. Андыктан жогоруда саналган белгилер байкалары менен дарыгерге кайрылып, өнөктөшү менен чогуу дарылануусу шарт. Молочницаны дарылоодо дарыгер грибокко каршы медициналык каражаттар, мазь, таблеткалар, суппозиторийлерди жазып берет. Жатын кынынын кандидозун өз убагында дарылабаса өнөкөт түрүнө өтүп, буга бактериялык вагиноз, трихомониаз, хламидиоз, гонорея өңдүү оорулар кошулушу мүмкүн. Эгер кош бойлуу кезинде аталган илдет менен ооруп, дарыланбай жүрө берсе, ал энеден балага өтөт.

 

 

ООРУНУН ӨӨРЧҮШҮНӨ ТААСИР ЭТҮҮЧҮ ФАКТОРЛОР ЖАНА АЛДЫН АЛУУ

 

АНТИБИОТИКТЕР

 

Антибиотиктерди кабыл алган учурда алар зыяндуу микробдорду гана эмес, кээде адамдын организмине керектүү болгон, кандида тобундагы бактериялардын өсүп кетүүсүн көзөмөлдөп туруучу бифидобактерия жана лактобактерияларды кошо жок кылып салат. Бифидо жана лактобактериялардын колдоосу жок болгон учурда кандида грибокторунун саны көбөйүп, мындан улам молочница жаралат.

 

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

 

Антибиотик колдонордо өтө сак болуңуз. Аларды өз алдынча колдонууга болбойт, сөзсүз дарыгердин кеңеши, көзөмөлү менен ичиңиз. Антибиотиктерди кабыл алгандан кийин организмди кайра калыпка келтирүү үчүн 2 жума же 1 ай пайдалуу бактериялуу пробиотиктерди ичүү сунушталат.

 

ЖЫПАР ЖЫТТУУ ГИГИЕНАЛЫК КАРАЖАТТАР

 

Күн сайын жана этек кир келген учурда колдонулуучу көпчүлүк гигиеналык каражаттардын ички катмарларына ар кандай жыпар жыттуу заттар сиңирилип жасалат. Жыныс кынынын териси жана чел кабыгы өтө сезимтал болгондуктан, тилекке каршы, мындай жыпар жыттуу заттар көп жага бербейт. Мындан улам анда аялуу жерде кычышуу, кызаруу байкалып, айрым учурда шишип чыгып, кандида бактериясынын көбөйүшүн шарттайт.

 

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

 

Колдон келсе жытсыз гигиеналык каражаттарды колдонууга аракет кылыңыз. Аларды ар 3-4 саат сайын которуп туруңуз. Ошондой эле териси сезимтал айымдар тампондордон жана гигиеналык каражаттардан баш тартканы оң.

 

КОРГОЛБОГОН ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ

 

Эгер кезектеги жыныстык катнаштан соң молочницанын белгилери байкалса, демек, ооруну козгогучтар өнөктөшүңүз тараптан сизге конокко келди дей берсеңиз болот. Бул оорунун козгогучтары жабык формада да келиши мүмкүн.

 

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

 

Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан сактанам десеңиз презерватив колдонуңуз. Эгер дайымкы өнөктөшүңүз менен болгон байланыштан кийин кандидоздун белгилери байкалса, анда чогуу дарылануу сунушталат.

 

НЫМ КУПАЛЬНИК

 

Эс алуу учурунда бассейнге, көлгө, деңизге сууга түшкөн учурларда молочницанын көбөйгөнү байкалат. Анын себеби – ным купальникте. Анткени нымдуулук кандида грибогунун өөрчүшүн шарттоочу факторго кирет.

 

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

 

Ным купальник менен көпкө жүрбөө үчүн сөзсүз кошумча кийим ала жүрүңүз. Же болбосо бат кургоочу кездемеден тигилген купальник тандаңыз.

 

ТАТТУУ АЗЫКТАР

 

Кандида тобундагы козгогучтар глюкозаны аябай жакшы көрүшөт. Күнүмдүк менюга таттуу азыктарды көп кошуу кандида грибогунун санынын көбөйүшүнө алып келет.

 

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

 

Менюңуздагы таттуу азыктардын санын азайтыңыз. Кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөп туруңуз. Эгер молочницадан жабыркап, дарыланып жүргөн болсоңуз, анда таттуу азыктар тууралуу унутуңуз. Мындан сырткары дарылануу учурунда спирт ичимдиктерин, маринаддалган, ышталган азыктардан баш тартуу туура.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE