Пример HTML-страницы

Нумерологиянын жардамы

https://kyrgyzcha.site/?p=43053&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Келгиле, бүгүн нумерологиянын жардамы менен бири-бирибизге дал келебизби же жокпу аныктап көрөлү. Анткени, бул ыкма сүйлөшүп жүрүшкөн же эбак эле табышкан жуптардын ортосундагы кээ бир маселелерди чечүүгө жардам берет. Мисалы, бири-бирин мурдагыдан да жакшыраак билүүнү үйрөтөт.

Алгач экөөңүздөрдүн туулган күнүңүздөрдү, айыңыздарды жана жылыңыздарды бир катарга тизип жазыңыз. Анан аларды суммалап, келип чыккан сандан 22 же андан төмөнкү көрсөткүчтөгү сан чыкканча 22ни кемите бересиз. Натыйжада, акыркы калган сан сиздердин “индекс” катары калат да, ал ортоңуздардагы мамиле тууралуу кандайдыр бир аныктаманы берет. Мисалы, Айжан 12. 09. 1970, ал эми Исламбек 02. 12. 1968 деген датада төрөлгөн десек, анда жалпы сумма 1+2+9+1+9+7+2+1+2+1+9+6+8=58 болот. Мындан 22ни кемиткенде 36 саны чыгат. 36дан дагы 22ни кемитсек 14 калат. Демек, бул сан алардын индекси болуп саналат.

1. Эгерде сиздердин индекс “бир” саны болсо, анда сиздердин мамиледе лидерлик кылуу талаш орунда турат. Көбүнчө эркек башкарууга, өз талаптарын, өз мыйзамдарын жүзөгө ашырууга аракет кылат. Бул үчүн көп уруш чыгат жана ал дайыма эле жакшылык менен чечиле бербейт. Муну эске албаганда сиздердин мамиле кызыктуу, жаңылануу менен коштолуп турат.

2. Бул индекске туш болгондор ортосундагы алака жумшак жана гармониялуу. Сиздердин жан дүйнөңүздөр бири-бирин сезип-туюп тургандай окшош каалоолорго ээ. Бири-бириңиздерди жарым сөздөн түшүнүп, ар бириңиздерде бай ички дүйнө бар. Кыскасы, ийгиликтүү мамиле.

3. Бактылуу жашоого жеткире турган мамиле деп айтууга болот. Сиздердеги бакубатчылыкты материалдык байлык, туруктуулук жана акча да коштоп жүрөт. Мындай алаканы ыдыратып албоо үчүн башка адамдарды жашооңуздарга киргизип албооңуздар гана керек.

4. Сиздердин мамиледе башкы ролду дээрлик эркек киши ойнойт. Ошон үчүн аялдын сүйүүгө болгон муктаждыгы өмүр бою ичинде катылып жүрүүсү ыктымал. Ал кээде кызганычка, эмоцияга алдырат, бирок, союздун ыдырашына жол бербейт.

5. Бул союз үчүн бүтүндөй жашоодо маанилүү ролду сүйүү ойнойт. Бирок, анын төрт тарабы төп келиши үчүн эркек менен аялдын социалдык абалынын өйдө-ылдыйы тоскоол болот. Ошентсе да жуптар бири акылман, бири кеңешчи катары бирге өмүр сүрүшөт.

6. Бардык мамилелерден гармониялуу алака болуп саналат. Себеби, сөзсүз никеге жетет, бири-бирин түбөлүк сүйүп өтөт, тынчтыкта, бактылуулукта өмүр сүрүлөт. Бирок, чогуу жашоонун башталышы бир аз кыйынчылык туудурушу мүмкүн.

7. Өйдө-төмөн, уруш-талаш коштогон өнөктөштүк. Адатта мындай мамиле бири-бирин алдоо, алмаштыруу менен болуп отуруп, тез эле аягына чыгып калат. Ошондо деле тараптар бир беткей чечимге келе албай, кош көңүлдүк менен ээрчишип жүрө бериши ыктымал.

8. Чыныгы сүйүү табыштырган эмес, иш, бири-бирине керек болгон муктаждык же убада табыштырган алака. Ошондой болсо да бул союз ыдырабайт. Тескерисинче, тараптар бири-бирине сый менен мамиле кылып, өнөктөштүктүн кадырын гана көтөрүшөт.

9. Ар ким өз кызыкчылыгын көздөгөн татаал мамиле. Мында сиздер жалгыздыкты абдан катуу сезесиздер, көңүлдүн, жылуулуктун жана сүйүүнүн жетишпестиги күн сайын күч алат. Акыры бул союз ыдырап тынат.

10. Абдан бактылуу байланыш. Никеге жетсеңиздер, сиздердин үйдө дайыма ийгилик жана жетишкендик болуп турат. Себеби, сүйүктүүңүз сизге жогорку күч тарабынан “колдоочу” катары жиберилген жана ал сиз каалагандын баарын аткарууга даяр.

11. Эки тараптын тең мүнөзү абдан оор болуп, мамиле дайыма олуттуулукта турат. Ошондо да тараптар аны сактап калууга аракет жасашат. Бири-бирине билгизбеген алмаштыруулар болот. Эгер бир эле жолу катуу келишпестик орун алса, алака ажырайт.

12. Бул союзда уруш, чыр, түшүнбөстүк, таарыныч, деги койчу балакеттин баары болот. Атүгүл, тараптар өзүн курмандыкка чалуу тууралуу баскычтарга чейин барышы мүмкүн. Бирок, сүйүү үчүн бири-бирин ташташпайт жана өмүр бою бирге болушат.

13. Сиздер бири-бириңиздерди эч качан түшүнбөйсүздөр. Бирге болсоңуздар деле ал нике мажбурлоонун же милдеттин артынан болушу ыктымал. Бирок, интимдик катышта жакшы өнөктөшсүздөр.

14. Туруктуу өнөктөштүк. Эгер турмушту никеге байлоону чечсеңиздер, бул сиздер үчүн эң жакшы чечимдердин бири болот. Себеби, сиздерде түшүнүү бар, жалпы максат көп, бирдиктүү кызыкчылык бар. Узакка созулган жашоодо бакубат өмүр сүрөсүздөр.

15. Сиздерди сексуалдык катнашка болгон күчтүү сезим жана бири-бириңерди толук канааттандыргандык гана байлап турат. Ошентсе деле бир союзда жашай албайсыздар. Анткени, сиздерде жашоого болгон бир дагы жалпы кызыкчылык жок.

16. Дайыма уруш коштогон өтө туруксуз мамилелер. Акыры – ажырашуу. Себеби, сиздер бири-бириңиздерге дал келбейсиздер. Түшүнүшүү деген дээрлик жокко эсе. Бирде бирөөңүздөр, бирде экинчиңиздер басым кылып, андайда жеңилген жеңгенди жок кылуунун жолун издейт.

17. Бири-бирин толуктап турган сонун союз. Сиздерде кең келечек, акча, байгерчилик, бакубатчылык жана бийик даража бар. Андыктан, Жараткан сизге белек кылган адамды жакшылап күтүү гана керек!

18. Сиздер жаңылыштык менен жактырышып калгансыздар. Ошон үчүн бул мамилеңиздерде алмаштыруу деген нерсе көп орун алат. Аны экөөңүздөр тең билесиздер, бирок, ушундай турмушка баш ийип жашоого аргасызсыздар.

19. Жылуу жана гармониялуу мамиле коштогон ийгиликтүү өнөктөштүк. Мындай алака менен сиздер көптөргө үлгү болосуздар, өзүңүздөрдөй даражалуу балдарды күтөсүздөр. Колдоо, түшүнүшүү коштогон чыныгы сүйүү деп атаса болот.

20.Бул сүйүүнүн башталышы оор болгону менен келечеги жемиштүү болот. Себеби, сиздер бири-бириңиздерди бара-бара аңдап билесиздер. Ошондон кийин ар бир көйгөй экинчи орунга жылып, сүйүү сезими күч алат. Кыскасы, ийгиликтүү мамиле.

21. Тынчтык, барчылык, түшүнүшүү. Бул — бекем союз. Никеге байланса, бул мамиле жакшы өнөктөштүктү жаратат. Тараптар бири-бирине өзгөчө колдоо көрсөтүү менен жашашат.

22. Сиздер кайсы бир стандарттын негизинде жашоону жаман көрөсүздөр. Ошон үчүн бул мамиле демократиялуу алака болуп, ар ким өз билгенин жасайт. Бир жагынан алып караганда, муну сүйүү деп атоонун деле кереги жок. Ажырашуу менен аяктайт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE