Пример HTML-страницы

Ноокаттагы унаа кырсыктан улам жандандлыруу бөлүмүнө түшкөн жигит өзүнө ккеле элек

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush1-июлда Ноокат районунда болгон унаа кырсыктан улам жандандыруу бөлүмүндө 19 жаштагы жигит 4 күндөн бери өзүнө келе элек. Бул тууралуу Ноокат райондук ооруканасынан кабарлашты.

Маалым болгондой, ал баш мээсинен катуу жаракат алган. Ооруканага жалпы 6 адам түшүп, 3 жандандыруу бөлүмүнө, 3 травмотологияга түшкөн. Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 3 адамдын экөө бүгүнкү күнгө палатага которулган. Бирок 2004-жылы туулган жигит өзүнө келе элек.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 1-июлда Ноокат районундагы жол-транспорт кырсыгынан 1 адам каза болгону белгилүү болгон.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, унаада бар жаткан жүргүнчүлөр жабыркап, Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген.

Ал эми Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Гүлистан айыл аймагынын 2004-жылы туулган тургуну Я.З. 1-июль күнү саат 16:00 чамасында Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 20-чакырымында «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаасы менен түштүктөн чыгышты көздөй бара жатып, рулду башкара албай, карама-каршы багытта келе жаткан «Хендай Портер» унаасы менен кагышканын кабарлаган. Аталган унааны Гүлистан айыл аймагынын 1979-жылы туулган тургуну А.И. башкарып бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү, Бостон айылынын 2004-жылы туулган тургуну Т.П. окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми айдоочусу Я.3.жүргүнчүлөрү — 2008-жылы туулган Т.А., 2003-жылы туулган А.М., 2005-жылы туулган Ж.И. жана «Хендай Портер» автоунаасынын айдоочусу И.А., жүргүнчүсү — 2008-жылы туулган М.М. жаракат алып, Ноокат аймактык ооруканасына кайрылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE