Пример HTML-страницы

Макияж-тест

https://kyrgyzcha.site/?p=54994&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Макияж-тест

 

Аялзатынын боёнгону анын мүнөзү жөнүндө эмнелерди айта алат?

Баарыбызга белгилүү «Досуңду көрсөт, сенин ким экениңди айтып берем» деген накыл кеп тараган. Анын сыңары, аялдардын боёнгонуна карап да ал жөнүндө айтууга болот экен.

 

 

Эгер аял такыр эле боёнбой калса, анда аны акыркы убактарда жеке жашоосунда бир нерсе ирээнжиткен деп биле бериңиз. Ошондо ал баарына кол шилтеп койгон.

 

 

Үстүртөн боёлгон, анча-мынча эле байкалган макияж аялдын жөнөкөйлүгүнөн, бийик интеллектинен кабар берет. Ал эркектерди ачык түстүү косметика менен эмес, башка нерсе менен деле, мисалы, көркөмдүк, назиктик менен көңүл бурдурса болот деп эсептейт.

 

 

Аялдар кээде өтө ачык боёнуу менен өздөрүнүн капалуу сезимдерин жашырып алышат да, айланасындагыларга «баары жайында» болуп көрүнүшү мүмкүн. А негизи андай эмес. Ал аялдын ичинде эч кимге ачылып айткысы келбеген, өзүн санаага салган бир маселеси бар болуп чыгат. Кээде өтө ачык макияж — аялдын жашоосун түп тамырынан бери өзгөртүүгө болгон аракетинин алгачкы кадамы болуп саналат.

 

 

Күн сайын боёнууга бир саат же андан ашык убакыт кетирген аял — сонундукка умтулган аял.

 

 

Калыпка салынып калынган бир эле макияжды жылдап колдонгон аялдар бар. Алар турмушунда болуп кетүүчү кичинекей өзгөрүүлөрдөн да коркушат.

 

 

Ал эми оозуна басым жасап боёнгондор сезимтал, эч кандай митаамдыгы жок түз, эмоционалдуу болушат. Алар жашырбай, баарын бетке айтышат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE