Пример HTML-страницы

Кызыктуу суроого кызыктуу жооп издейбиз.

https://kyrgyzcha.site/?p=54454&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Канчалык талаш-тартыш болгону менен, жигиттер кыздардын сулуулугуна азгырылышса, кыздар жигиттердин ийгиликтүүсүн карашат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. А бирок ошол ийгиликтин кушун кармаган мырзаны көбүнчө кай жактан жолуктурууга болот? Кызыктуу суроого кызыктуу жооп издейбиз.

 

ИЙГИЛИКТҮҮ МЫРЗА ДЕГЕН КИМ?

Ийгиликтүү, демек, акчалуу. Акчалуу, демек, олуттуу жумушу же бизнеси бар. Ийгиликтүүсү ошол бизнестин эбин билип, андан кантип киреше табарына көзү жеткен, жашоодон ордун тапкан адам. Мындай адам кимге гана жакпайт? Анын үстүнө азыркы заманда. Чөнтөгү калың – чымыр денелүүдөн артык. Экөө тең бир эле адам болсо артыңызды бир кылчайып көрсөңүз болот. Павел Дуровду жолуктуруп алган жоксузбу?.. Ал эмес болсо шашпай туруңуз. Ийгиликтүү мырзанын артынан сая түшөлү. Ал каякта болушу мүмкүн?

 

РЕСТОРАН, КӨРГӨЗМӨЛӨР

Светтик кечелерден баштайлы. Себеби мындай кечелерде алар өзүнө керектүү адамдар менен жолугуу, кези келсе бири-бирине мактанып алуу, же албетте, сулуу бийкечти жолуктуруу үчүн барат. Көрүнгөн эле кафе эмес, даамдуу менюсу бар ресторан. Түнкү клуб үчүн курак башка, ал жакка караганда ар кандай тематикалык көргөзмөлөр, же болбосо салтанаттуу ачылыштарда жолуктурууга мүмкүнчүлүк жогору.

 

КОФЕЙНЯ

– Шекерсиз капучино.

Ийгиликтүү мырзанын таң алды дареги – кофейня. Тасмалардагы ийгиликтүү мырзалардын кофе ичип жатканын көрсөңүз керек. Чынында эле ошондой. Жаңы күн жагымдуу кофе менен башталат. Кофе бул адат, демек, бир күнү кайсы кофейняга келген болсо, эртеси да ошол жакка баруусу ажеп эмес.

 

ЖУМУШ

Ийгиликтүү адам иш аркылуу ийгиликке жетет. Демек, ал көп байырлаган жер – анын жумуш орду. Анын көпчүлүк убактысы көп кабаттуу бизнес-борборунда же кеңседе өтөрү турган иш. Албетте, мындай адамдардын жумушу кеңсе менен эле чектелип калбайт. Ар түрдүү конференциялар, жумуш боюнча сүйлөшүүлөр, иш-чаралар жана башка ушул сыяктуу учурлар кездешүүсү ыктымал. Кеңселердин биринде иштегендер үчүн ийгиликтүү мырзаны жолуктуруу мүмкүнчүлүгү жогору.

 

ТРЕНИНГ

Акылдуу адам ар дайым мыкты болууга далалат кылат. Андыктан ийгиликти көксөгөн адам ар түрдүү тренинг же курстарга барууга убакыт бөлөт. Мындай жерлер ийгилик издегендер үчүн өзүнүн жетишкендигин баалоо менен башкалардын ийгилигин баамдап көрө алчу жай. Тренингдерде интеллектуалдуу, ар кыл темада сүйлөшө билген кызыктуу адамдар чогулары белгилүү эмеспи.

 

 

ТИЛ КУРСТАРЫ

Бизнес-тренингдерден ылайыктуусу көзгө учурабаса, анда ийгиликтүү мырза чет тилин үйрөнүп жатат. Ал ишин илгерилетип, чет өлкөлүк инвесторлор менен сүйлөшүү үчүн, албетте, чет тилди үйрөнүүнү көздөйт. Андыктан тил үйрөнүүгө убакыт табат. Бул жалпы тил курстары гана эмес, өз алдынча окутулган курстар да болуусу мүмкүн.

 

 

 

ФИРМАЛЫК ДҮКӨНДӨР

Үлгүлүү жигит – үлгүлүү кыздардай эле. Окшош табитте жана окшош жерлерге барышат. Куп жарашкан костюм үчүн фирмалык дүкөн же бутиктерден кийинет. Беделдүү фирмалардын кийимдери ийгиликтүү мырзалар үчүн. Жарашыктуу кийим өзүнө болгон ишенимдин жарымын түзөт. Андыктан «Gucci», «Armani» же «Ermenegildo Zegna» анын табитинде. Бул тизмеге фирмалык автосалондорду да кошсо болот.

 

 

 

ФИТНЕС-КЛУБ, СПОРТ ЗАЛДАР

Ийгилик коштогон адам өзүн караганды унутпайт. Ал спортко көңүл кош карабайт. Ашыкча салмактын ордуна ичтеги пресс түбөлүк модада экендигин түшүнөт. Жумасына жок дегенде бир жолу болсо дагы фитнес-клуб же спорт залга барууну адатка айлантат. Өзүн калыпка келтирген ийгиликтүү мырза өзүнө ылайыгын карайт эмеспи. Чогуу машыгып калуудан корксоңуз, анда чогуу сууда сүзүңүз. Бир гана фитнес-борбор менен чектелбей, бассейн да көңүл чордонунда. Мындан тышкары гольф ойноочу жай, теннис корттор, боулинг жана башка спорт борборлоруна көңүл бурса болот.

 

САЯКАТ

– I am traveling around the world.

Бул сүйлөм өөн учурабашы керек. Иш чачтан көп болсо, демек, эс алуу дагы ойдогудай болуусу керек. Ойдогудай эс алуу – бул чет өлкөгө болгон саякат. Бекет, аэропорттордун бизнес-класс, VIP орундары, виза берилүүчү жайлар бул адамдар үчүн.

Ийгилик көбүнчө аны сая кууп издегендерге эмес, издөөгө убакыт таппагандарга келет. Банктык эсептеги миллиондор башкы максат эмес. «Ийгиликтүү мырзанын жашоосундаболуу – бул «кыялы чорт» унаада кетипбараткандай» деп айтылат. Анткени мындай унаа сөзсүз жаңы ачылыштар жана укмуштуу окуялар менен коштолот. Айланаңызга жакшылап көз чаптырыңыз, балким, сиздин ийгиликтүү мырзаңыз жаныңызда эле жүрбөсүн. Аны карап билүү үчүн сизден да аракет керектигин унутпаңыз. Ошондой эле эң башкы кеңеш – мырза кандай болбосун аны ийгиликке жеткирүү аялдын колунда. Сиз ийгиликтүү мырзанын эң мыкты инвестициясы боло аласыз!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE