Пример HTML-страницы

Кышында бетке кам коруу.

https://kyrgyzcha.site/?p=50060&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Кышында бетке кам коруу. Кышында бетиңиздин териси чыныгы «стресске» кабылат. Абанын төмөн температурасы, бет, маңдайды туурулткан шамал, жаан-чачын — булардын баары терини дүүлүктүрүп, кургатат. Суук аба ырайы организмдин нымдуулугун төмөндөтүп, жыйынтыгында тери кургап, эрте бырыш түшүүгө шарт түзөт. Ошондуктан ар бир айым дайыма сулуу жана жаш көрүнүү үчүн бетке кам көрүүсү өтө зарыл.

Кышында бетке кам көрүүнүн негизги эрежелери:

Эгерде, жүзүңүздө кабатыр болууга эч кандай көрүнүктүү көйгөй болбосо да, айымдар эле эмес мырзалар да бетке кам көрүүгө шарт түзүүлөрү маанилүү.Бет үчүн маскалар бир жумада бир жолу жасалса, кышында ар бир 2-3 күндө жасоо сунушталат.Үйдөгү же кеңседеги жылыткычтарга нымдуу кездемелерди коюп коюңуз, же жылыткычтын алдына мискейге суу куюп койсоңуз да болот. Бул абанын нымдуулугун камсыз кылып турат.Кофе, чай жана газдалган сууларды көп колдонуу болбойт. Атайын сууктан коргоочу бет май колдонуу керек. Сыртыңыздан эле нымдуулукка көңүл бурбай, ичиңизден да камсыз кылыңыз. Күнүмдүк суюктукту көбөйтүңүз. Адатта бир күндө 2 литр суюуктук керек болсо, кышында 3 литрге чейин жогорулатыңыз.

Жөнөкөй болгон эрежелерди сактоо менен кышкы сууктан жүзүңүздү толук коргой аласыз. Бирок, сиздин териңиз көйгөйлүү болсо башкача айтканда белгилүү бир учурларда безетки бүдүрлөр чыгып турса, анда ички организмди тазалоо керек. Анткени, ар бир көйгөй сезгенип өзүн билдире баштайт. Ошондуктан эгерде сиз териңиздин көйгөйлүү экенин билсеңиз алдын алуу чараларын көргөнүңүз жакшы.Атайын гел негизиндеги тазалоочу каражаттарды колдонсонуз болот. Дайыма тазалоочу маскаларды колдонуп туруу керек.Эгерде сиз максималдуу таасир берүүчү каражат издесеңиз, анда бетке арналган маскалар кыш мезгилинде эн жакшы жардам бере алат, ал учун Алоэ веранын кремдерин, маскаларын колдонунуз. Маска — бул табигый каражат. Алардын эч кандай каршы көрсөтмөсү жок, бирок көптөгөн тери көйгөйлөрүн анын ичинде кыш мезгилиндеги маселелерин чечүүгө жөндөмдүү. Ар бир масканын таасир берүү ыкмасы анын курамына жараша болот.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE