Пример HTML-страницы

Канткенде жолдошуңуз сизди таштабайт?

https://kyrgyzcha.site/?p=43527&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Канткенде жолдошуңуз сизди таштабайт?

1. Келбет.

Аялдардын милдети өзүнүн сулуулугуна кам көрүү жана жасалмалуулукка бөгөт коюу. Модалуу кийимдерге жана стилге көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Чачыңызды, бетиңизди ар дайым жыттуу, таза тутуп, тырмагыңызды көрктүү алып жүрүңүз. «Өз үйүмдө мени ким көрмөк эле» дебей чырайлуу кийинип, боёнуп алып жүрсөңүз жолдошуңуз сизден кетмек турсун сизден бөлөк тууралуу ойлонбойт дагы.

2. Кумардануу, каалоо

Күйөөңүздү сиздин денеңизге кол тийгизүү укугунан ажыратпаңыз. Маселен, кучактап, өөп же эркелетип калса кытыгым же итиркейим келип жатат деп аны өзүңүздөн оолактатпаңыз. Жолдошуңузду сүйүңүз, анын каалоосунан себепсиз баш тартпаңыз.

3. Бала

Ооба, эркекке бала төрөп берген аял сүйүктүү болот. Бала деген бакыт, сиздин эртеңки келечегиңиз. Кээ бир айымдар балдарын материалдык кызыкчылыктарга колдонуп ийишет. Сиз бул кадамга барбаңыз, аларга жакшы тарбия берип жана досуна айланып сырдашып, жолдошуңузга мээримдүү, үлгүлүү апа көрүнүңүз. Анан уул-кыздарыңызга атасынын жаман жактарын эзели айтпаңыз.Тескерисинче мактап гана туруңуз.

4. Ашкана

Эркектин жүрөгүнө жол ашказандан башталары бышык. Анткени алар дайыма даамдуу жана берекелүү аш жегенди жакшы көрүшөт. Эгерде сиз ашкана менин ордум эмес десеңиз чоң жаңылышасыз. Кайда ким болуп иштебеңиз тамакты түрлөп жасап берип сүйүктүүңүздүн көңүлүн ала билиңиз. Убакыт таап үй-бүлөлүк кечки тамактанууну, романтикалык кечтерди уюштуруп, ага ашканадагы болгон чыгармачылыгыңызды көрсөтүңүз.

5. Достук

Эгер күйөөңүз сизге кымбат болсо, сиз анын жакын досу да болуп каласыз. Андыктан анын ишине кызыгыңыз, эмнелер, кайда эс алуу жагарын билиңиз. Кайгырса да, кубанса да ар дайым аны колдоп кеңеш берип туруңуз. Кайра башынан тарбиялайм деп убараланбаңыз, кандай болсо ошондой кабыл алыңыз. Ошондо ал дагы сизге өзүңүздөй мамиле жасай баштайт.

6. Эркиндик

Үй-бүлөлүк турмуш — түрмө эмес. Ар кимдин өз эркиндиги болушу шарт. Эркектин ар бир кадамын текшерип турууну максат кылбаңыз. Бир күндө бир нече ирет кайда, эмне кылып жүргөнүн сурабай эле коюңуз. Туугандары, достору менен кеңири өзү каалагандай мамиле түзүүсүнө бөгөт болбоңуз. Катуу чек коём десеңиз, анда ал эркиндикке чыгуу үчүн тынымсыз аракет кыла берет.

7. Баш ийүү

Сиз карьера куруңуз, бизнес леди болуңуз, көп адамдарды башкарып иштеңиз, бирок үйдө эркектин канатына жашынган жөнөкөй гана назик аял болуңуз. Эркек ар дайым мамлекеттин башында тургандай өзүн биринчи сезиши керек. Ага бул мүмкүнчүлүктү берүү менен сиз аны ар дайым жаныңызда алып жүрө аласыз.

Эмне себептен күйөөңүз кетет?

1. Ага кызыксыз боло баштасаңыз

Эркектер өзүнүн идеалын гана издебестен акылдуу кеңешчи жана эң негизгиси төшөктө өнөктөшүнүн эң жакшы болуусун каалайт. Бардык эркектер көзү менен сүйөт. Эгер сиз ага сексуалдуу жана ажарлуу болуп көрүнүүнү унутсаңыз, анда сиз ал адамды өзүңүздөн заматта алыстатып аласыз.

2. Социалдык абалыңыз төмөн болсо

Сиз аны каалабасаңыз да жолдошуңуздун табитине төп келүү үчүн өзүңүздүн жагдайыңызды оңдоңуз. Маселен, жөнөкөй жана арзан кийим же аксессуарга басым жасабай өзгөчөлөнгөнүн таап колдонуңуз. Убагында кымбат экен деп кабагын бүркөгөнү менен ичинен сиздин ачылган чырайыңызды жактырат. Антип өзүңүздү сыйлабай койгонуңуз жолдошуңузду иренжитет.

3. Мүнөзүңүз келишпесе

Сизге күйөөңүз жагат дейли, бирок экөөңөрдүн ортоңордо болбогон жерден чыр-чатак көп чыгат. Тил табышууга сиз биринчи кадам жасабасаңыз бул жерден алыстоо башталат. Эркектер жаратылышынан лидер болгонду жактырышат, андыктан сиз ар качан казан-аяк кагышкан убакта ага баш ийип койсоңуз көп балээден кутуласыз. Ага эрегишүү сизди утуштан биротоло куру калтырып коёт.

4. Ашкере «чечкиндүү» болсоңуз

Бир дагы эркек бош убактысын аялынын үстөмдүгү алдында өткөргүсү келбейт. Ошондуктан мен билемдикке салып көп нерсени кеңешпей туруп чогуу барабыз же бирге кылабыз деп пландап алсаңыз макул болгону менен сизге болгон кыжырдануусу башталат.

5. Чыккынчылык кылсаңыз

Негизинен акыл-эси толук жетишкен эркек аялы көзүнө чөп салып жүргөнүн билсе эч качан кечирбейт. Эгерде сиз күйөөңүздү башка менен алмаштырып жүрүп ажырап калсаңыз, анда кайрып келүүгө убара болбоңуз. Кечирген күндө да мурдагыдай мамиле күтпөңүз.

7. Кемсинтсеңиз

Таарынышууда эмоцияга алдырып жолдошуңузга жаман сөздөрдү айтып жана өткөн былыктарын чукуп, анан ыйлай берсеңиз, анда ортоңордо ажырым пайда болору бышык. Айрыкча «баягы эле сенсиң да», «сенин колуңан эмне келет», «сенсиз эле сонун жашайм», «сени энең, эжең, байкең…», «башкага эле тийбей», «досуң жакшы жашайт, бизчи…» деген өңдүү кептерди көп айтсаңыз, анда сүйүктүүңүздүн сизди таштап кетүүсүнө өзүңүз жол ачып жаткан болосуз.

8. Ичкилик ичсеңиз

Айымдарга ичкилик ичүү таптакыр жарашпайт. Мас болгончо ичип, кусуп жатып кала бере турган болсоңуз өзү ичип жүрсө да жолдошуңуздун көңүлүн кирдетип аласыз.

Кайрып алуунун жолдору

1. Кайра-кайра чалып баланы караганга киши жоктугун, же үйдө ал жок, бул жок деген шылтоолорду айтпаңыз. Мындай боло берсе бул айткандарыңыз чын болсо да ал баары бир сизге ишенбей калат.

2. Ал көп болчу жерлерге, маселен, жумушуна, тамактанчу ашканасына, жакшы көрүп эс алган жерлерине барбаңыз жана анын алдынан чыга калбаңыз. Муну аткарганга эркиңиз жетпесе жашаган дарегиңизди өзгөртүп убактылуу болсо да башка жакка көчүп кетиңиз.

3. Жолдошуңузду узак убакытка иш сапары менен кетти деп элестетип алыңыз. Ошол убакта күйөөңүзгө таптакыр башкача болуп көрүнүүнүн айласын издеңиз.

4. Жолдошуңуз кетип калганга чейин көп чыр чыгарып жаман сөздөрдү айткан болсоңуз ал кемчилигиңизди моюнга алып, ушунун үстүндө иштей баштаңыз. Балким атайын адис психологго кайрыласыз.

5. Эгер толук болсоңуз тез арада сырткы келбетиңизге кам көрүңүз. Бирок ошол эле убакта арыктоо үчүн ден соолугуңузду жабыркатуучу дарыларды колдонуп, диетага отуруунун кажети жок. Стресс болуп турганыңызда мындай жолду тандасаңыз саламаттыгыңызды талкалап аласыз.

6. Ар күнү өзүңүздүн жеке гигиенаңызга, сулуулугуңузга көбүрөөк кам көрүңүз.

7. Күйөөңүз балдары менен учурашканы келсе аны менен таптакыр сүйлөшпөңүз. Ал убакта жөн гана бир жакка, жок дебесе кошунаңыздыкына кетип калыңыз. Бала менен атанын сөзүнө тоскоол болбоңуз.

8. Балдарыңызга түшүндүрүңүз: атасы сиз тууралуу берген суроолоруна жооп беришпесин. Мейли ал сизди кандай жаман ойлосо убактылуу ошол оюнда кала турсун.

9. Күйөөңүз чалса же смс жазса балдарыңыздарга тиешелүү болгон темада гана сүйлөшүңүз. Мурункудай кенен баарлашууну токтотуңуз.

10. Ар убак телефонду биринчи коюп таштаңыз. Маанилүү бир нерсе менен алек болуп жаткандай, аны менен сүйлөшүүгө убактыңыз жок сыяктуу мамиле жасаңыз.

11. Жолдошуңуз тууралуу кандайдыр бир маалыматты алгыңыз келсе ал жөнүндө эч кимге кабарлабаңыз. Өзгөчө жалпы досторуңарга же аны да, сизди да тааныган тааныштарыңарга. Анткени сиздин сөздү толугу менен күйөөңүзгө жеткирип барса, сиз ага түр көрсөтүп жатканыңыз билинип калат.

12. Активдүү жашоо образына басым жасаңыз. Киного барыңыз, спорт залга же көңүл ачуучу жайларга барып алаксыңыз. Эгер бул учурда күйөөңүз менен бет келишип калсаңыз учурашып гана кетип калыңыз.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE