Пример HTML-страницы

КАНТИП КУЧТУУ АЙЫМ БОЛОМ?? 

https://kyrgyzcha.site/?p=54119&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КАНТИП КУЧТУУ АЙЫМ БОЛОМ??

 

Күчтүү айымдарын катарын толуктап, эч нерседен тайманбай жакшы өмүр өткөрүш үчүн кандай жашаш керектиги тууралуу көптөгөн эрежелер жазылган китептер жана интернет айдыңында толгон- токой маалыматтар бар эмеспи…. Албетте, алардын көпчүлүгү пайдалуу маалыматтар жана жардамы тийе тургандыгына шек жок деңизчи, бирок, көпчүлүк учурда берилген кеңештерде, сунуштарда ар бир адамдын бир мүнөттүк алсыздыгы боло тургандыгын жана ал көп нерсеге тоскоол болуп, көп нерсени өзгөртө тургандыгын көз жаздымда калтырып коюшат. Ал эми психолог адистеринин арасынан орусиялык Полина Гавердовская күчтүү айым болуш үчүн кармана турган эрежелерди жөнөкөй, жатык тилде жана натыйжалуу жардам бере тургандай сунуштайт.

 

 

1. Ата- эне жана жакын туугандарыңыздан башкасын алмаштырууга жана өзгөртүүгө болот. Жараткандан башка эч ким жана эч нерсе бир гана «даанадан» болбойт. Андыктан жашооңузга жаңы адамдарды, пикирлеш досторду киргизиңиз. Баарлашыңыз, дос- жар күтүңүз…

 

2. Ар дайым жаңы нерседен артта калбаңыз. Тамак- аш, кийим- кече, гаджеттер, фильмдер, булардын бардыгынан калыпка салынган «капастан» чыгып даамдап, кийип, колдонуп көрүңүз. Өмүрүңүздө бир жолу жебеген тамакты жеңиз, кийбеген фасондогу кийим алыңыз, жаңы үлгүдөгү гаджеттерден алыңыз, мурда көрбөгөн жанрдагы киного барыңыз, кыскасы коомдогу жаңылыктан артта калбаңыз. Каалоо күчтүү болсо, каражатты эптей аласыз. Мындай ыкма менен алсыздыкка, жалкоолукка жеңилип бербеген күчтүү айым болосуз.

 

 

3. Таарынычта жүргөн адамдардын кечире ала турганын дароо кечириңиз, ал эми эркиңиз жетпегенин унутууга аракет жасаңыз. Ал үчүн ашыкча ойлонуп, кабатыр болуунун кажети жок. Зыянын гана тийгизет. Унутуу эң жакшы өч алуу жана дарылоочу каражат болуп эсептелет. Жеке пикириңизди бирөөгө таңуулап, талашып- тартышпай эле коюңуз, андан көрө убакытты текке кетирбей башка, ойго келбеген нерсе жасай коюңуз, маселен колуңуздун тырмагын алып, пайдалуу иш жасаңыз….

 

 

4. Шашуунун кереги жок. Тез болгон нерсенин убактысы да кыска болот. Андыктан чындап эле бир нерсени жасап, кайсы бир ишти бүтүргүңүз келсе, каалооңуз бар болсо, демек аны шашпай эле өз убагында бүтүрө аласыз. Шашкалактап, ашыкча нерв болуунун кажети жок. Эгер жасагыңыз келбейби, демек жасабай эле коюңуз… Көңүлүңүз тартпаган, ички туюмуңуз макул болбогон иштерди жасоого тобокелчиликке барбай эле коюңуз. Кокус ийгиликсиз чыгып, кайрадан кабатыр болуп калышыңыз ыктымал.

 

5. Каалоо бар учурда эч качан жеңилип бербеңиз. Аягына чейин күрөшүңүз, ийгиликке сөзсүз жетесиз. Ийгилик- бул тажрыйба, башкача айтканда улам кайталанып келе берет. Андыктан ар бир ийгиликсиз нерсе тажрыйбанын аздыгынан болот. Чечкиндүүлүк менен тобокелчилик бул тажрыйба болуп эсептелет. Ийкемдүүлүк, чыдамкайлык, көз карандысыздык бул дагы жашоодо алан тажрыйба. Эң башкысы жеңилип бербеңиз.

 

 

6. Эч нерсенин аягы жок, болгону агымы бар, андыктан жөн гана бир жерден өтүп көздөн кайым болот. Муну айрыкча жакыныңызды жоготуп, же сүйүктүүңүз таштап кеткенде эстеңиз. Жакындарды жоготууда аларга ыйлап эмес, дуба кылып жардам бере алабыз. Ал эми таштап кеткен адам тууралуу окуяны эстеп, жөн гана жылмайып аласыз. Бардыгы жакшылык үчүн деп сөзсүз айтасыз. Андыктан стресс, депрессияга азгырылып кирип кетпеңиз. Эсиңизде болсун, бардык болбой калган иштин артында сиз үчүн жакшы бир жаңылык күтүп турат. Бир эшиктин каалгасы жабылса, экинчисиники сөзсүз ачылат.

 

 

7. Каалаган нерсеңизди жасаңыз. Бирок, ал чөйрөңүздөгүлөргө жана өзүңүзгө. Ден- соолугуңузга зыянын тийгибегендей болсун. Каалагаңызды жасаңыз деген- бул тоого чыгуу, сейилдөө, кайсы бир спорттун түрү менен машыгуулар болуп эсептелет. Каалайсызбы сүкүт жасаңыз, каалайсызбы сууда сүзүңүз… Бул сапат сизди күчтүү айымдардын катарына кошот.

 

 

8. Сиз тууралуу башкалар кандай ойдо экендиги такыр ойлонтпосун. Буга башыңызды оорутпай эле коюңуз. Беш кол тең эмес жана бардыгына бирдей жагуу мүмкүн эмес. Андыктан өзүңүз кандай болсоңуз ошондой алып жүрө бериңиз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE