Пример HTML-страницы

Камыт Маликов тамырларды таап, чет элдиктер кызыкса да сатпаган скульптураларды жасап келет

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнө караштуу Газ айылынын 68 жаштагы тургуну Камыт Маликов бадал жана башка өсүмдүктөрдүн тамырынан түрдүү скульптураларды жасап келет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, сүрөтчү, көп жыл сүрөт сабагынан мугалим болуп иштеген. Учурда пенсияда. Эмгектерин сатып алабыз дешкендер көп. Бирок ар бир жасалга кайталангыс болгондуктан сатылбайт.

«Чындыгында ар бир эмгекти кайталангыс деп айтам. Анткени сел жүргөн сайларда ачылып калган бадалдардын тамырын издейм. Анда качып бараткан элик, кууп бара жаткан жырткыч жаныбар, бийлеп жаткан сулуу кыз, учуп бара жаткан канаттуу сыяктуу тамырларды издейм. Бирөөсүн тапсаң, экинчиси жок. Бирөөдөн бир композиция чыкпайт. Мисалы, качып бара жаткан эликти тапсаң, кууп бара жаткан жырткычын табыш керек. Экөөнүн бири табылбаса эмгек жаралбайт. Толук табылгандан кийин жылуу сууга жибитип, кылдаттык менен тазалап чыгам. Өзүнчө чыгармачылык менен жасап баштайм. Жасоого 4-5 күндөй убакыт кетет. Сатып алабыз дегендер абдан көп. Бирок эч бирин сатканым жок. Көчмөндөр оюндарына да алып бардым.Чет өлкөлүктөр да абдан кызыгып калды. Бир жаныбарга окшогон бадал тамыры, экинчи жолу табылбагандыктан саткым келбейт. Өзүнчө музей кылып ачып, көрүүчүлөргө эстетикалык рахат тартууласам дейм», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле буйрутма алып, 3000 сомго бааланган түнкү чырактарды жасайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE