Пример HTML-страницы

Кадимки кычкыл суутегинин пайдасы…

Кадимки кычкыл суутегинин (перекись водорода) пайдасы…

 

Кадимки кычкыл суутегинин (перекись водорода) күнүмдүк жашоодо көп пайдасы тиерин көпчүлүгү биле бербесе керек. Андыктан, аталган затты кандай учурда колдонууга болорун маалымдайбыз.

1. Кийимдериңизди жууганда атайы агарткычтарды колдонбой эле койсоңуз болот. Анткени, 7 килолук кир жуучу машинаңызга 100гр кычкыл суутегин кошуп койсоңуз, кийимдериңиздеги тактарды кетирип, агартат жана кир жуучу машинаңызды тазалайт;

2. Идиш жуучу каражаттардын ордуна 50гр. кычкыл суутегин кошуп койсоңуз, идиштеги микробтордон арылтат;

3. Жер-жемиштерди кол менен суртүп жуубастан, 5 литр сууга кычкыл суутегинин 100 граммдык стакандын 4/1 бөлүгүн кошуп аз убакытка чылап коюп, коркпостон жей берсеңиз болот;

4. Ошондой эле кычкыл суутегин жылуу суу менен аралаштырып, даяр болгон аралашмага 20 мүнөт бутту кызыл ашыкка чейин салып олтуруп, чор таманды жумшартууга болот;

5. Эгерде кулагыңыз кычышып, ооруса, кычкыл суутегинен 2 тамчы тамызып койсоңуз, кулактын ичиндеги инфекцияны өлтүрүп, ооруну басаңдатат;

6. Кычкыл суутегинин жардамы менен кийимдеги жагымсыз жытты кетирүүгө болот.

2 даана суюк самын, 2 аш кашык содага 400гр. кычкыл суутегин кошуп, даяр болгон аралашманы кийимге сүртүп, бир аздан соң жууп салыңыз;

7. Жаш балдардын оюнчугун дагы кычкыл суутегин чачып тазалоого болот;

8. Терезеңиздин көз уялтып жылтырашын кааласаңыз, кычкыл суутеги кошулган сууга жууңуз;

9. Кийимдеги такты кетирүү үчүн: кычкыл суутеги менен унду аралаштырып ботко даярдап аласыз. Даяр болгон аралашманы кийимдин так болгон жерине сүртүп, бир түнгө калтырып, эртең менен жөн гана жууп койсоңуз, жыйынтыгы сиз күткөндөй болот;

10. Ваннадагы кара тактарды кетирип, агартам десеңиз, ага кычкыл суутегин чачып, 30 мүнөткө калтырып коюңуз. Айтылган убакыттан соң, жөн гана жылуу суу менен жууп койсоңуз, жыйынтыгы сизди кубандырбай койбойт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE