Пример HTML-страницы

Күйөө деген ким?

https://kyrgyzcha.site/?p=52701&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Күйөө деген ким?

 

Күйөө деген — эки ирет чалганда жооп берип үлгүрбөсөң, «10 жолу чалсам албайсың, жооп бербегенден кийин андай телефонду ыргытып ийиш керек да!» деп нерв болгон адам;

 

Күйөө деген — дал бутунун үстүндө турган токко телефонун зарядка коюуудан зеригип, «телефонуму сайып койчу» деп сага буйрук берген адам;

 

Күйөө деген — өмүрүңдө гүл алып бербедиң деп таарынсаң: «Не кыласың гүлдү? Баары бир соолуп калат, мен өзүм сага гүлмүн»,- деп оңой кутулган адам;

 

Күйөө деген —тамак бышкыча: «Качан бышат, качан бышат?» — деп кухняга жаныңа келе берип, тамак дайын болгондо: «азыр, азыр мына» деп залда жатып алган адам;

 

Күйөө деген — күнү бою каяка барууң керек экенин кайра-кайра эскертип жүрсөң да, «мен кеттим» деп чыгып бара жатсаң:»Каяка барасың?» — деп сураган адам;

 

Күйөө деген — «Гинекологго барып текшерилдим» деп ден соолугуң тууралуу айтып жатсаң «Гинеколог аял бекен, эркек бекен?» деп бир түрдүү суроо берген адам;

 

Күйөө деген — бир жакка чыгып бир аз кечиксең: «Үйүң, бала-чакаң барбы сенин? Тез кел! Он мүнөттө келбесең ошол паланчаныкына байлап берем!» — деп, ар он мүнөттө звандай берген адам;

 

Күйөө деген — сенин ата-энең келгенде өтө мээримдүү, койдон да жоош боло калган адам;😅

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE