ИЧ ӨТКӨК — КОРКУНУЧТУУ ИЛДЕТ!

https://kyrgyzcha.site/?p=66865&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ИЧ ӨТКӨК — КОРКУНУЧТУУ ИЛДЕТ!

 

Адамдын ден соолугу анын тамактанганынан көз каранды. Күч-кубат берген да, алды кетирип буттан жыккан да тамак. Анын айынан адамды алсыратып, шайды оодаруучу эң кооптуу «ич өткөк» дарты пайда болот. Өзгөчө күндүн ысышы менен ич өткөк оорусу күчөгөн мезгил келгенин айткан дарыгерлер күнүмдүк жеп-ичкендерге кылдат маани берүүнү көңүлгө бекем түйүү керектигин эскертип коңгуроо кагышат.

 

Ич өткөк — тез-тезден өтө суюк заңдоо.

Анын пайда болушуна катуу кармаган жугуштуу оорулар, мисалы, дизентерия, тамак-аштан уулануу, ич келте, холера, ичегинин өнөкөт сезгенүү оорулары, ошондой эле карындын, уйку безинин маңызы, өт жетишсиз болгондогу тамак сиңирүүнүн бузулушу, ичегилердин начар иштеши себеп болот. Айрым адамдарда ич өткөк катуу кайгыруудан, коркуудан да пайда болот. Ошондой эле сүт, жумуртка, жашылча-жемиштерин сиңире албоо да бул маселени жаратат. Ич өткөк организмдин коргонуу реакциясы болуп саналат.

 

Ич өткөктүн белгилери

 

Оорунун алгачкы белгилеринде дене ысып, дене табы жогору көтөрүлөт, жүрөк айланып кусуу жана ич оорусу башталат. Ич оорунун да түрлөрү көп. Ал бурап же сайгылашып оорушу мүмкүн. Көбүнчө ич өткөндөн кийин бейтап жеңилденип калат. Бирок ич өтүү кайрадан кайталана берет. Анткени адамдын организми денеге келген микробдор менен тынымсыз күрөшүп тургандыктан жогоруда айтылган белгилер адамды кыйноого салат. Бул учурда организмдеги бардык витаминдер сыртка айдалып чыгат да, адамды алсыздык жана калтырак басат. Ал эми жаш балдардын температурасы 38 градуска жетүү менен абалы оорлоп кетиши мүмкүн.

 

Алдын алуу жолдору

 

Ич өткөк менен оорубаш үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо маанилүү. Алардын маанилүүсү тазалык. Чоң-кичине дебей ар бир үй-бүлө мүчөсү тамакка отурардан мурун колду самындап таза жууганды эреже кылышы керек. Экинчиден, көбүнчө ич өткөк жуулбаган жер-жемиштер аркылуу козголот. Мисалы, агын суу менен келген бактериялар өсүп турган жер-жемишке жабышып калышы мүмкүн. Алар сыртынан таза көрүнгөнү менен анда суу жана аба аркылуу келген миңдеген микробдор жашайт. Ошондуктан чоңдор жаш балдарга жер-жемиштерди сөзсүз жууп бериши керек. Сүт азыктарын, сууну кайнатып ичүү зарыл. Көчөдө, базарда сатылган ар кандай тамак-аштарды жей берүү туура эмес. Адам ушул эрежелерди сактоо менен бул ооруну алдын алган болот.

 

Чоң кишилер үчүн ич өткөк оорусун үй шартында дарылоо ыкмалары

 

1. Бир күндө бир нече ирет жалбыздын кайнатмасын ичүү керек. Ошондо гана ич өткөк акырындык менен басылат.

2. Черниканы кайнаган сууга чай сыяктуу демдеп коё турасыз. Даяр болгондон кийин күнүнө 3 маал тамак ичерге жарым саат калганда ичесиз.

3. Эртең менен жана кечинде 1 стакандан марганцовка ичүү талап кылынат. Аралашманын түсү мала кызыл түстө болушу кажет. Ошондой эле кристаллдардын сууда жакшылап эришине көңүл буруңуз. Адатта мындай аралашманы бир эле жолу кабыл алуу ич өткөктү токтото алат.

4. Кургак чай ич өткөктү тез арада басуучу эң сонун каражат. Ал үчүн кургак чайды бир күндө бир нече жолу чайнап жеш керек.

 

Бул дарт менен ооруган балага тез жардамга чейинки биринчи жардамды кантип көрсөтсө болот?

 

— Дене табы 39-40 градуска чейин көтөрүлгөн кезде жаш балдардын арасында тырышып калуу көп кездешет. Ошондуктан мындай болбошу үчүн оорулууну жеңил кийиндирип парацетамол берүү керек болсо, денесин суу чүпүрөк менен сүртүп, башына суу чүпүрөк коюп коюу зарыл. Кайнатылган, газдалбаган суу же компот берип туруу туура зарыл.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️