Пример HTML-страницы

ЭРКЕКТЕРДИН ЭСИН КЕТИРЧҮ КЫЗ КЫЛЫКТАРЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=43802&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЭРКЕКТЕРДИН ЭСИН КЕТИРЧҮ КЫЗ КЫЛЫКТАРЫ

 

 

 

 

КЕРИЛҮҮ

Мисалы, эртеден кечке компьютердин алдында отурасыз. Бир калыпта манжаларыңыздын учу менен клавиатура баскылап отура бергенде, төшөктөн жаңы турганда сөз жок дене талыкшып уюп калат. Анан эмне кыласыз? Албетте, колдоруңузду, денеңизди ары-бери чоюп керилесиз. Үйдө болсоңуз мышыкчасынан жата калып да керилмексиз. Бул учурда жаныңыздагы эркек сөзсүз башкача көз кырын салат.

 

 

 

ПОЗАНЫ ӨЗГӨРТҮҮ

Отурган жерден позаны өзгөртүү. Мисалы, кыздардын жөн гана эки бутун жерге бирдей коюп отуруп, анан кайчылаштырып алганы да жигиттерди денесине кумурска жыбырап кеткендей абалга алып келет. Андыктан кыздардын кулагына күмүш сырга, керектүү учурда мурунку позаны андан да сексуалдууга алмаштырсаңыз, ыргыта албай жүргөн чылбырды дал дарегине жеткирдим дей бериңиз.

 

 

БЕЙСБОЛКА

Эгер сиз спорт сүйүүчүсү, кайсы бир команданын күйөрманы болсоңуз, сизде сөзсүз бейсболка бар. Анткени күйөрман катары өзүңүзгө жаккан команданы сүрөгөнү спорт майданына барып жүрөсүз. Спорттук кийимди көпчүлүк кыздар кийишет. Бирок бейсболка кийген кыздар эркектерди жок дегенде бир жолу кылчайтып кароого аргасыз кылышат.

 

 

МУЗЫКАЛЫК АСПАП

Бул өтө кызык. Аспаптын кайсы түрү экени мааниге ээ эмес, кыскасы, кандай болбосун колуна музыкалык аспап кармаган кыз эркекти өзүнө тартат. Көзүнө ал кыз жагымдуу, сулуу көрүнөт.

 

ТАРАЛБАЙ САКСАЙГАН ЧАЧ

Ооба, ооба, сиз туура эле окудуңуз, таралбай саксайган чачыңыз сексуалдуу көрүнөт. Чачыңыздын ар бир талына убакыт коротуп эң кооз чач жасалгалуу болуп жолугушууга чыксаңыз, кээде ал эмгегиңиз эсепке алынбай калышы мүмкүн. Таралбай саксайган чач дагы эркектердин делебесин козгой алат.

 

 

ЖУКА КЕЗДЕМЕДЕН ТИГИЛГЕН РУБАШКА

Жука кездемеден тигилген узун рубашкаларды жылаңач денеге кийүү да ар бир эркектин шаштысын кетирет. Мындай учурда кыз туура эмес кылык-жоруктарды жасап жиберүүдөн абайлашы керек. Болбосо жука рубашка сексуалдык магиясын жоготот.

 

ТЕР

Машыгуучу залга барып жүргөн эркектер бул жагдайды жон териси менен сезе алышат. Алар мындай учурга көп кабылышат, балким, “тер айымдардын сексуалдуулугун арттырат турбайбы” деп ойлонуша элек. Бирок айымдардын терден улам сууланып, жылтырап чыккан денеси, чекесинен чыпылдап аккан тери эркектердин эсин эки кылат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE