Пример HTML-страницы

Эркектер жөнүндө бир чындык.

https://kyrgyzcha.site/?p=56822&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Эркектер жөнүндө бир чындык.(тамаша, бирок чындыкка жанаша)

 

 

Кудай эркекти биринчи жаратканда, макет катары жараткан көп кемчиликтүү, шашпай оңдойм деп, анан аялды жаратып оңдобой койгон макетти, биринин кемчилигин бири оңдоп кетсе болот экен деп. Адам и Ева ошентип жүрөбүз кээде достошуп, кээде мушташып планетаны толтуруп, өзүбүздөй кемчиликтүү жана идеалдууларга 😁

 

Экинчи аялды жаратканда, макеттин кемчиликтерин эске алып, аялдын бардык жагын идеалдуураак жараткан.

 

Ошондуктан эркектерде зөөкүрлөр көп, басмырлоочулар көп, дүйнөдөгү согушкандарда эркектер, атышып мушташкандарда чара баш эркектер, бийлик талашканда дөпөн эркектер, бири бирин кырып салгандарда эркектер.

 

Кудай аялды жаратканда ойлоптур, аялды идеалдуу жаратсам, аял эркектерди ичинде тарбиялап чыгар, төрөлгөндө эркекче тарбия берер деген үмүттө. Бирок аялдарда ката кетирип, эркек уулун эркекче тарбиялай албай, жөн эле тыйын тапсаң болду деп ээринип калышыптыр.

 

Ошондуктан биз аялдар ириктелген сайын, эркектер майдалана берет. Биз назик, алсыз бололу десек же алар күчтүү жоопкерчиликтүү болушпайт.

 

Азыр дүйнөдө көп аялдар терең ойго батышат. Кантип эркекти макеттен, оригиналга айлантсак болот деп.

 

Бул макеттер азыр гейге айланып, бири биринеда үйлөнүшө баштады. Ойго сыйгыс нерселер болуп жатат, жараткан жаратылыштын закону бузулуп.

 

Эркектер чоң эле болсода жаш баладай үйүндө, өз оокатын жасап жей албайт, аялдардай жесир калса, бала чакасын багып жекече жүрө албайт, айлана тегерегиндеги бардык проблемаларды чечип, аялсыз өзү менен өзү жашап билбейт көпчүлүгү.

 

Кандайдыр бир бытовой инвалидке окшош. Ийдиш жууштан чочуйт, үй тазалагандан коркот, кийимдерин жууп үтүктөө азап, аялдай сөз көтөрө албайт.

 

Биз аялдарга даңк! Билип туруп кемчилигин ошолорду колдоп, мамлекет башкартабыз, үй — бүлө башкартабыз, сөйрүйтүп төргө отургузабыз бала чакага авторитет кылып, өзүбүз улага жакка отурабыз, чара башка чай куюп. Алар эптеп тыйын таап келсе кубанып, таппаса өзүбүз иштеп таап деле жей беребиз бөлүшүп. Аялдарга даңк!

 

Эң айтайын дегеним, ошондода аялдарды уруп согуп тепкилеген, макеттердин чекесин жара чапсак сооп болмок.

Бир эле жылда бизде жүздөгөн аялдар урулуп өлдү жана инвалид болушту. Кудайдын биринчи жараткан макеттеринен.

 

Урматтуу макеттер, оригинал аялдарды сактагыла, силер оригиналдардын курсагын жарып чыккансыңар. Асмандан түшпөдүңөр.

 

Бардык эркектерге тиешелүү эмес. Бирок көпчүлүк экенсиңер.

 

Биз аялдар ашыкча мээримдүүлүктөн, эркелетип эркектерге тың тарбия бере албагандыгыбыз өкүнүчтүү. Же эркек, эркек уулун тың тарбиялашпай калышты, илгеркидей.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE