ЭРКЕКТЕР БИЛДИРБЕЙ ЖАКШЫ КӨРГӨН АЯЛДАРДЫН МАЙДА ЧҮЙДӨЛӨРҮ

https://kyrgyzcha.site/?p=54128&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЭРКЕКТЕР БИЛДИРБЕЙ ЖАКШЫ КӨРГӨН АЯЛДАРДЫН МАЙДА ЧҮЙДӨЛӨРҮ

 

Алар булар жөнүндө ачык айта беришпейт, бирок бул жөнөкөй,1 ошол эле убакта жагымдуу майда чүйдөлөрдөн акыл эсин жоготот. Мамилеңер жаңы эле башталдыбы же көп жылдар өттүбү айырмасы жок, силер кылган бул нерселерди жакшы көрүшөт:

 

 

 

 

 

 

1. Төшүнө башыңызды койгонду.

 

Кино көрүп диванда жаткандабы, же оор жумуш күнүнөн кийинби, аялы күйөсүнүн төшүнө башын коюп, кучактаган эң жакшы сезим. Бул учурда эркек өзүн коргоочу сезет.

 

 

2. Биринчи жазсаңыз.

 

Азыр кат жазуунун түрлөрү көп. Бул учурда эркекке басым жасалат, ал биринчи жазыш керек деп. Бирок ал тажатып жиберген жокмунбу деп коркот. Ишенип коюңуз, эркек бул боюнча кабатырланат, ошондуктан жазбай да коюшу мүмкүн. Эгерде аял биринчи жазса, өзүнө ишеними артып, сиз менен мамилени өрчүткүсү келет.

 

3. Аны бааларыңызды айтыңыз

 

Эгерде эркек мамилеңер үчүн аракет кылып жатса, аны бааларыңызды уккусу келет. Дагы улантканга шыктандырат.

 

 

4. Рулда кетип баратканда чачтарынан сылаганыңызды.

 

Эгерде өтө сезимтал болсо, кыймылда бара жатканда тийбей эле коюш керек. Үйдөн деле башын бутуңузга коюп жатканда сыласаңыз болот. Эркектер мындан ыракат алат.

 

5. Социалдык тармактарда аны мактаганыңыз.

 

Кээ бир кыздар ашыкча мактап жиберишет. Эгер сиз үчүн аракеттенип бир нерсе кылган болсо, социалдык тармакта бөлүшүп койгонуңуз жакшы. Бул сиз аны баалап, дүйнө жүзү менен бөлүшкүңүз келгенин билдирет.

 

 

6. Аны чындап укканыңыз.

 

Аялдар угуу бул жөн эле оозду ачып отура берүү эмес экенин жакшы түшүнөт. Бул үчүн аракет керек. Балким жашоосунда маанилүү бир нерсе болуп жатат, же бир нерсеге жеткенге аракет кылып жатат, же жөн эле жумуш күнү оор болду. Жанына отуруп, көздөрүнө тике карап, ага маанилүү нерсени кызыгуу менен угуңуз. Бул сиздин камкордукту көргөзөт.

 

7. Досторуңуз менен сейилдеп жүрүп ага кат жазыңыз.

 

Көпчүлүк эркектер досторунан кызганат. Эгерде акылдуулук кылып досторуңуз менен сейилдегенге уруксаат берсе, сейилдеп жүрүп баары жайында экенин, аны унутпаганыңызды билдирип кат жазып коюңуз.

 

8. Элдин көзүнчө сезимиңизди билдириңиз.

 

Чуркап келип колуна секиргендин кереги жок, акырын колунан кармап, бетинен сүйүп коюңуз. Бул чогу болгонуңузга сыймыктанаарыңызды билдирет.

 

9. Ал өпкөндө жылмайыңыз.

 

Бул кадимки сезим, анын өпкөнү эндорфиндерди пайда кылды. Демек сезимдер жасалма эмес.

 

10. Анын тамашаларына күлүңүз.

 

Өзүңүздү кыйнап эмес, күлкүлүү болгондоруна. Эркектер аялын күлдүрүүдө клоун болгондон да коркпойт.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️